Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.04.2019 10:49

Кара-Көлдө Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 8-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага шаардагы университеттин, колледж жана кесиптик лицейдин студенттери, мектеп окуучулары катышты. Анда окуучулар арасында сүрөт тартуу боюнча сынак уюштурулуп, жогорку класстын окуучулары мэриянын имаратынын алдынан «Энергетик» спорт комплексине чейин жөө жүрүш жасашты. Ал эми студенттер арасында шайырлардын жарышуу спорттук эстафетасы өткөрүлүп, ден соолукту даңазалаган флешмоб уюштурулду.

Иш-чарага активдүү катышкандарга Кызыл Ай коому тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бакай уулу Эрмамбетке майып араба белекке берилди.

Мындан тышкары, шаардык оорукананын дарыгерлери тургундар үчүн кан басымды, кандагы канттын өлчөмүн текшерүү жана көздү медициналык кароодон өткөрүү акциясын жүргүзүштү.

Иш-чара шаардык мэрия жана Кызыл Ай коому тарабынан уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×