Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 07.04.2019 13:00 На русском

Видео: Жол тескөөчүлөр Ош—Бишкек жолуна түшкөн таштарды тазалашты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт
// Turmush

Turmush -  Кечээ, 6-апрелге караган түнү катуу жааган жамгырдан улам Ош—Бишкек унаа жолуна чоң таштар түшкөн. Жолдун 412-427 чакырымына (Кара-Көл—Таш-Көмүр капчыгайында) түшкөн таштарды Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тазалашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жол тазалаган кызматкерлер Шамалды-Сай—Таш-Көмүр унаа жолунда түнкү нөөмөттө кызмат өтөп жатышкан. Аларга айдоочулар жолго таш түшүп, кооптуу абал жаралганын айтышкан. Жол тескөөчүлөр айтылган жерге келишип, унаа жолуна түшкөн таштарды тазалап башташкан.

Аларга айрым айдоочулар дагы жардам беришкен. Мындай жагдайдан улам алардын коопсуздугун көзөмөлгө алуу үчүн милициянын ага лейтенанты И.Ажиматов баш болгон кызматкерлер эки саатка жакын аталган жол тилкесин көзөмөлгө алышкан. Жол тескөөчүлөрдүн аракеттерин айдоочу видеого түшүрүп, социалдык тармак аркылуу өз ыраазычылыгын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×