Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуНоокен району 05.04.2019 21:48 На русском

«Уулуң бизде, 120 миң доллар тап»: Жаш жигит ноокендик ишкердин 7 жаштагы баласын өлтүргөн

Turmush -  Жалал-Абаддагы Ноокен районунда өзгөчө оор кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү 7 жаштагы баланы өлтүрүп, көмүп койгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 5-апрелге караган түнү саат 00:25 чамасында Ноокен РИИБге Масы айылынын 1983-жылы туулган тургуну С.З. арыз менен кайрылган. Анын арызында 1-класста окуган уулу - 2012-жылы төрөлгөн Т.А. 4-апрелде дайынсыз жоголгону жазылган. Саат 12:00 чамасында белгисиз адамдар баланы айылдан белгисиз тарапка алып кетишкен. Жашоочунун арызы Жазык кодексиндеги 170-берененин (адам уурдоо) негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө айылдын ишкерлик менен алектенген жашоочусуна 4-апрелде саат 14:00 чамасында белгисиз адам телефон чалып, «уулуң бизде, 13-апрелге чейин 120 миң доллар тап» деген.1 саат өткөндөн кийин ушул эле номурдан «өзүм чалам, милицияга билдирсең уулуңду өлтүрөбүз, аталган суммадагы акчаны 10 күндүн ичинде табасың» деген билдирүү келген. Ыкчам тергөө тобу дароо шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо үчүн иш-чараларды баштаган», - деп айтылат билдирүүдө.

Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында ошол эле күнү шектүү катары 1997-жылы туулган А.Х. кармалды. Тергөө оор кылмыш жасалганын, тактап айтканда жоголгон бала өлтүрүлгөнүн аныктады. Шектүү кылмыш жасалган жерди көрсөтүп, талаадан 7 жаштагы баланын денеси табылды. Кылмыш иш Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнө өзгөртүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Маалыматтар боюнча бала уурдалгандан кийин бир нече сааттан соң өлтүрүлгөн. Андан кийин шектүү баланын ата-энесине телефон чалып, ири суммадагы акча талап кылып баштаган. Болжолдуу маалымат боюнча шектүү баланы атасынан өч алуу үчүн өлтүргөн. Буга чейин баланын атасы менен шектүү чогуу иштешкен. Ал маркум баланын үй-бүлөсү менен жакындан тааныш болгондуктан оңой эле уурдап кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×