Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 05.04.2019 12:08 На русском

Бийчи Ислам: «40 кыз менен бийлегенде таң калып, каршы чыккандар болду» (сүрөт)

Turmush -  Сузак районунун 21 жаштагы тургуну Ислам Аманов ата-энесинин каршылыгына карабай, бий өнөрү аркылуу баар таап келе жатат. Элеттик жаш бийчи менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, бийге ал бала кезинен бери кызыгат. Учурда жаш бийчилерди тарбиялайт.

«Мектепте окуп жүргөндө сабактан кийин балдар чыгармачыл борборуна барып, бийлегенди өздөштүрдүм. Окууну аяктап жатканда хореограф чакырып келип, классташтар менен вальс бийин үйрөндүк. Кийин ошол хореографтын сабактарына катышып жүрүп, «Сайма» бий тобуна мүчө болдум. Алгачкы жолу бий тобундагы 40тан ашык кыз менен бийлеп, сахнага чыкканда элдин баары мени карап таң калышкан», - дейт И.Аманов.

Ал бир нече бий топторун түзүп, жаш бийчилерди тарбиялап келе жатканын айтат.

«Ошентип 18 жашымдан тарта бий өнөрүн өздөштүрүп, Ош жана Бишкек шаарларында өткөн бир нече сынактарга катышып, ийгилик жаратып келе жатам. Үй-бүлөм менин бийлешиме каршы болгондуктан аларга «жеңил атлетика менен машыгам» деп айтам, ал эми сынактарга кеткен учурда окуу жайдын атынан катышып жатам деп айтууга аргасыз болом. Үй-бүлөм, бир туугандарым каршы болсо дагы менин бийлебей коюуга эрким жетпейт. Бизде балдардан куралган бий топтору жокко эсе болгондуктан менин бийлегенимди ар ким ар кандай кабыл алат.

Кыздар менен чогуу бийлегениме каршы болгондор четинен чыгат. Бирок мен кыялымдан катпайм. Кесибим боюнча экономистмин, ошентсе да бий өнөрүн таштагым келбейт. Ушул күнгө чейин эки бий топ түптөдүм, мындан сырткары Сузактын Сымкат деген айылында 30га жакын окуучуларыма жумасына 2 жолу барып, бий үйрөтүп келем. Жалал-Абадда бийге кызыккан жаштар көп», - деди ал.

Ислам учурда БГУнун бухгалтерия факультетинде магистратурада окуйт. Учурда «Таажы шоу» деп аталган бий топто бийлеп келет. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×