Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 05.04.2019 10:36 Жаңыланды: 05.04.2019 14:28

Ала-Букада айдоочу унаасы менен кошо күйүп кетти (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп, 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдагы көчөдө болгон. Өрттүн кесепетинен унаанын 1984-жылы туулган айдоочусу К.Э. каза болгон. Анын денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда кырсыктын себеби такталууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айдоочу райондун борборунда таксист болуп иштечү. Болжолдуу маалыматтарга караганда, анын чеккен тамекиси унаасында калгандыктан өрт чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×