Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 04.04.2019 16:54

Тогуз-Тородо адистердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы текшерилди (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 2-апрелде райондук деңгээлде өзгөчө кырдаалдар боюнча штабдык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуунун сценарийи боюнча, райондун аймагында аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, нөшөрлүү, узак мөөнөттүү мөндүр аралаш жамгырдан сел жүрүп, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жайгашкан калктуу конуштарды жана башка чарба объектилерди жууп кетүү коркунучу жаралган.

Штабдык машыгууга райондук жарандык коргонуу кызматтарынын жол жана көпүрөлөрдү тейлөө кызматынан 1 даана фронталдуу авто жүктөгүч, 1 даана оор жүк ташуучу унаа жана суу чарба башкармалыгынан 1 даана фронталдуу автожүктөгүч, 1 даана оор жүк ташуучу унаа, Атай айыл аймагынан 1 даана фронталдуу автожүктөгүч, Сары-Булуң айыл аймагынан 1 даана экскаватор жана жергиликтүү тургандар, жарандык коргонуу кызматтарынан 45 адис тартылды.

Өткөрүлгөн машыгууда Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылынын жанынан агып өтүүчү Нарын дарыясынын оң жээгин 25 метр аралыкта буруучу тосмо тосулду.

Казарман—Чет-Булак автоунаа жолунун 2,5-чакырымындагы (Беш-Там уч.) жолдун сол жээгиндеги чуңкурчага топтолгон сууну коопсуз агызып кетүү максатында, 160 метр ачык типтеги канал тазаланды. Көмүлүп калган 35 метр аралыгы экскаватор техникасы менен толук тазаланып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×