Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 04.04.2019 15:06

Сүрөт: Жалал-Абадда заманбап эки чек ара заставасы ачылды

Turmush -  Бүгүн, 4-апрелде Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл аймагында «Көк-Серек» жана Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылында «Ак-Коргон» чек ара заставалары ачылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Р.Дүйшөмбиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Д.Сатимов, райондун акиминин орун басары Калчабү Сатимбаева катышты.

Мында чек ара кызматкерлери жана жоокерлер үчүн заманбап шарттар түзүлгөн. Тактап айтканда, заставада административдик жайлары бар казарма, офицердик курамга, алардын үй-бүлөсү үчүн турак жай, кампа бар. Техниканы оңдоочу жана сактоочу жабык бокстор, аткана жана кызматтык иттер үчүн вольери да камтылган. Жаңы комплекстин аймагында ок атуучу куралдар менен иштөөгө машыгуучу жана окуу жайы, спорттук аянтча дагы курулган.

Саамалыкта Р.Дүйшөмбиев мамлекет тарабынан чек араны жакшыртууга алгылыктуу кадамдар жүрүп жатканын баса белгилеп: «Заставаларда жана отряддарда жаңы чек ара комплексттерин куруу өлкөнүн чек ара коопсуздугун коргоонун деңгээлин эле көтөрбөстөн аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү үчүн жакшы шарттарды түзөт. Буга чейин чек арага өмүрүн арнаган кызматкерлердин турак жайга болгон муктаждыктары чечилип баштады. Былтыр кызматкерлердин маяналары көбөйдү, башкысы шарт жаратууга аракет жасалууда», - деди.

Ушундай эле шарттар менен «Ак-Коргон» заставасы дагы ачылды.

Чек ара заставасы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуунун алкагында Кыргызстанга колдоо көрсөтүү жөнүндөгү келишимге ылайык каржылык колдоо болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×