Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 24.04.2019 16:43 Жаңыланды: 27.05.2019 22:43

Айыл турмушу: Аксылык Ж.Мавлянова жан дүйнөсүн тазарткан иши аркылуу киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын Туюк-Жар айылынын тургуну Жийдегүл Мавлянова гүл өстүрүп, аны сатуу менен үй-бүлөлүк кирешесин толуктайт.

Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, гүл өстүрүү анын хоббиси. Ал эми акыркы 3 жылдан бери өстүргөн гүлдөрүн сатып, киреше таап келет.

«Жаз келгенде гүлдөрдү тигип, кышында аларды койгонго жер таппай калам. Үч жылдан бери глоксиния, фуксия, бегония, пеларгония, орхидея, фиалка, кактус, алоэ, гардения сыяктуу гүлдөрдүн 200дөн ашык түрүн өстүрөм.

Бир жолу Бишкектен гүл саткан дүкөндөн 80 сомго 1 түп гүл алып келгем. Аны 3 ай өстүрүп, гүлдөгөндө 1000 сомго саттым. Ар бир жалбырагынан көчөт алып отуруп, анын саны 30га жетти. Каалоочуларга гүлдү үйдөн эле сатам. Гүл өстүрүп, жан дүйнөмдү тазартуу менен бирге үй-бүлөгө да киреше таба баштадым», - дейт Ж.Мавлянова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×