Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.04.2019 16:26

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Саадат торттордун эл билбеген түрлөрүн жасап сатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 27 жаштагы тургуну Саадат Мааликова таттуулардын түрүн жасап сатат.

Ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, ага көбүнчө чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кара-көлдүктөр буйрутма беришип, жакындарына сюрприз тартуулашат.

«Таттуулар табигый, таза азык-түлүктөрдөн жасалат жана химиялык кошулмалар кошулбайт. Сактоо мөөнөтү эки күн. Мага буйрутма бергендер: «Таттуулар эмнеге кымбат жана эмне үчүн 2 күн эле сакталат?» деп сурашат. Мен болсо: «Мунун эч кандай сыры жок, болгону табигый азык-түлүктөн жасалгандыктан ушундай» деп жооп берем. Мен торт, чизкейк, профитроли, кейк, капкейк, трайфл, тарталетка сыяктуу десерттердин түрүн жасайм. Аларды жасоого курамына, кооздоо иштерине жараша ар кандай убакыт талап кылынат. Мисалы сабизден, жаңгактан жасалган тортту сунуштасам, таң калышат. Анын өтө даамдуу жана колориялуу болорунан эл кабардар эмес экен.

Адамдар дагы ден сооолугуна көп көңүл буруп, туура тамактанууга аракеттенип жатканын байкап жатам. Анткени курамында шекери менен майы аз кошулган тортторго буйрутма берип жатышат», - деди ал.

Анын айтымында, үй шартында тортторду жасап жатканына 2 жыл болду.

«Жолдошумдун колдоосу менен Бишкектен теория жана практика жүзүндө кондитердик курстан окуп келдим. Кондитер болуу оңой эмес экен. Ар бир жасаган таттуунун колориясын, структурасын билүү, фантазиянын күчтүүлүгү жана сүрөтчү, дизайнер болуу зарылдыгы да бар экен. Азырынча үй шартында жасайм, бардык санитардык нормалар сакталат. Кардарлар көбүнчө туулган күндөргө, мааракелерге буйрутмаларды беришет. Кийинчерээк жеке кондитердик цехимди ачып, чоң тойлорго торт жасоого буйрутма алам деп ишенем», - деди ал.

Саадат Мааликова Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде билим алып, эколог-инженер кесибине ээ болгон. Учурда Кара-Көл шаарында үй-бүлөсү менен жашайт. Бир баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×