Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.04.2019 11:54 На русском

Маданият—Барпы жолунун курулушу жанданды. Канча турак жай бузулуп, канча дарак кыйылат? (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Ош жолунун 67 чакырымга созулган Маданият—Жалал-Абад бөлүгүндөгү жолдун курулушу да башталды. Түзүнөн тешиги көп, тамтыгы калбаган андагы участоктун абалы өзгөчө жергиликтүүлөрдүн нааразычылыктарын күчөтүп, калк «жол качан оңдолот?» деген суроону жыйын сайын кабыргасынан коюп келишкен болчу. Эми элди түйшүккө салган жолду куруу үчүн кызуу кадамдар жүрүүдө.

Ноокенде 3,5 гектар жерди трансформациялоо үчүн тийиштүү документтер даярдалып, жогору тараптарга жөнөтүлгөнү жатат. Жол тилкесиндеги объектилер, алардын документтери такталууда. Жол жээгиндеги бак-дарактардын дээрлиги кыйылып калды. Аймактык кабарчы курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек—Ош жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында Маданият—Жалал-Абад участогундагы 67 чакырым жолду куруу үчүн 60 миллион доллар каражат бөлдү. Жолду куруу үчүн өткөн тендерге 4 чоң компания катышып, алардын ичинен Азербейжандын «АзВирт» компаниясы 51 миллион 662 миң долларга бүткөрүп бермей болду. Бул компания жол курулуш техникасын жана жабдууларын мобилизациялоо жумуштарын жүргүзүп, бүгүнкү күнгө чейин 30дан ашуун техникасын алып келди.

Кыйылган дарактар, курулушу бузууга туура келген объектилер

Транспорт жана жолдор министрлигинин аймактык координатору Акжолбек Бегалиевдин берген маалыматына караганда, иш ыргагы өз нугунда жүрүүдө.

«Техникалар Ноокен районундагы мурунку автобазага жайгаштырылды. Лабораториялары келди. Базар-Коргон районунда асфальт-бетон завод курууга 7 гектар жер убактылуу пайдалануу үчүн бөлүнүп берилди. Жол боюндагы дарактар тамырлары менен кошо алынууда. Планга ылайык 3773 дарак кыйылат. Дарактар боюнча айыл аймактардын токтомдору чыккан. Тийиштүү тараптардан уруксат алынган. Аларды кыйгандан кийин айыл өкмөттөр өздөрүнө өткөрүп алышууда. Ал эми курулушу бүткөндө жол жээктерине 36 миң түп дарак отургузулат. Ошондой эле жол тилкесине 286 объект туура келүүдө. Анын ичинен дээрлиги короо жайлардын тосмолору, 7 турак жай, 18 чакан үй, 6 күркөлөрдү бузуу керек. Алардын документтери райондордогу мамлекеттик каттоо башкармалыктары такташууда. Канчасынын документтери бар, канчасы кызыл тилкеге чыгып кеткен? Мына ушул сыяктуу маселелердин үстүндө иш алып барып, мыйзамдуулугу каралууда. Баары такталган соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көз карандысыз баалоочуну чакырат. Алар ар бир объектинин ордун баалап, ошого жараша компенсация чегерилип берилет. Андан сырткары жол алдынан өткөн проводдор такталууда, алар жылдырылат. Жер иштерин жергиликтүү супподрядчиктер жасайт, жолду компания өзү курат. Жолдун жүк көтөрүмдүүлүгү азыркы оор жүк ташуучу унааларга ылайыкташкан. Евробиримдиктин талаптарына жооп берген экинчи категориядагы жол болот. Негизгиси элдин суроо-талабы эске алынууда», - деди ал.

Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы жана Жалал-Абад—Маданият жолун белгиленген графикте реабилитациялоо, жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Ажымамат Исаевдин белгилөөсүндө, жергиликтүү бийлик документ иштери менен алек болууда.

Жогорудагы жол Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райондорунан өткөндүктөн, үч райондо тең райондук деңгээлдеги мекемелер аралык комиссиянын курамы түзүлүп, тактоо иштерин алып барышууда. 3 райондун акимдеринин биринчи орун басарлары комиссиянын төрагалары катары кирген. Андан сырткары комиссия курамына жол жээгинде жайгашкан Сузактын Ырыс, Сузак, Атабеков, Барпы, Базар-Коргондун Акман, Бешик-Жоон, Кеңеш, Базар-Коргон, Ноокенде Сакалды, Масы, Момбеков айыл өкмөттөрүнүн башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл башчылар, тийиштүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү да бар.

«Буларга конкреттүү тапшырмалар берилген. «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна Кочкор-Атадан Жалал-Абад шаарына кеткен мунай түтүктөрүнүн жолго туура келген жерлерин жылдыруу боюнча кат жолдодук. Мындагы мекеменин Сузактын Топурак-Белден түшкөн жеринде мунай кеткен түтүктөрү туура келүүдө. Кочкор-Ата шаарындагы канализациянын 3 чакырымын жылдыруу зарылдыгы турат. Ноокенде 3,5 гектар айдоо жерди трансформациялоо үчүн тийиштүү документтер даярдалууда. Анткени курулушу башталган жолдун Кыпчак-Талаадан чыга бергенде 90 градус бурулуштагы жерден көп кырсык болот. Жолдун ошол бурулушу өзгөрүлүп, түз кете турган болууда. Жол салуу үчүн сугат айдоо жердин категориясын өзгөртүү үчүн документ иштери жүрүүдө, биз Транспорт жана жолдор министрлигине беребиз, алар калган тийиштүү иштерди жасашат. Жол тилкесине көпчүлүк элдин чарбак жерлери да кирип кетүүдө. Өзгөчө Масы аймагында ушул көрүнүш басымдуу болууда. Чарбак жерлер калктуу конуштун жерлери катары эсептелет. Ошол калктуу конуштун жерин транспорт өнөр жайлар категориясындагы жерлерге өткөрүү түйшүгү менен алек болуудабыз. Компенсация элдин бак-дарагына жана курулуштарына төлөнүп берилет», - дейт А.Исаев.

Мораторий киргизилген жаңгактар...

Маалым болгондой, андагы жолдо бак-дарактардын 70-80 пайызы кыркылып калды. Андагы дарактардын катарына Бешик-Жоон айыл аймагындагы жаңгактар да кирүүдө. Мөмөлүү дарактарды кесүүгө мораторий киргизилген. Мындан улам жаңгактар азырынча кыйыла элек. Өзгөчө баалуу дарактын катарында турган жаңгактын болжолдуу түбү 198ге жетет. Дагы кошумча киргизилиши керек. Азырынча тийиштүү комиссия тарабынан уруксат бериле элек.

Ал эми Ноокен районунда 3,5 гектар жерди трансформациялоо үчүн тийиштүү документтер даярдалып, облуска тапшырылды. Дал ушул райондо жергиликтүү бийликке түйшүк көп жаралчудай. Анткени чарбак жерлер да мындагы аймакта көп жолго дал келүүдө. Канализация маселеси да ушул аймакта турат. 136 үйдүн короо жайлары жолго туш келүүдө. 4 кафе, 40 соода түйүндөрдү алууга туура келет.

Базар-Коргон районунда асфальт-бетон заводду куруу иши жанданды. Мында дагы жол жээгинен турак жайлар туура келүүдө. Сузак бийлиги элге компенсация чегерүү сыяктуу маселеге баш оорутушпайт. Себеби андагы аймакта негизинен жер маселесин жөнгө салуу түйшүгү бар десе болот.

Канча электр мамылары жылат?

Маалым болгондой, жолду кеңейтүүдө «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомуна караган 0,4 кВ чыңалуудагы 179 даана, 10 кВ чыңалуудагы 984 даана электр мамычалар ордунан жылдырылат. Андан сырткары 22 даана трансформаторлор башка жакка көчүрүлөт. Ошондой эле кошумча 58 даана электр мамы орнотулуп, 1163 даана электр мамыларынын арасынан 111 мамы жаңысына алмаштырылат.

Кошумчалай кетсек, жолдун курулушунан сырткары 5 көпүрө, 165 чакан жасалма курулуштар, базарлардын жанында унаа токтотуучу жайлар, тротуарлар, калктуу пункттарда 165 даана аялдамалар салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×