Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.04.2019 20:07

Базар-Коргондун борбордук базарын иретке келтирүү иши улантылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 2-апрелде Базар-Коргон районунун борбордук базарын иретке келтирүү иштери улантылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, бул иштерге Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, Базар-Коргон айыл аймагынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Теңир Жолдошов жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринен турган комиссия катышты. Анын алкагында жолдун боюнда соода кылган адамдарга базардын ичинен орун берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, базардын кире беришинде, жолдун жээгинде соода кылгандар көбөйүп, унаалар туш келди токтотулгандыктан базарга кирип-чыгуучу жол күндөн күнгө кыскарууда.

Текшерүү учурунда мыйзамсыз курулган күркɵлɵрдү үч күндүн ичинде алуу боюнча эскертүүлөр берилди. Мындан ары уруксаты жок күркө орнотуп, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жараткан сатуучуларга чара колдонулат.

Мындан тышкары, Базар-Коргон айылынын негизги ички көчөлөрү кеӊейтилип, жол жээктерине көчөттөрдү отургузуу иштери жакынкы аралыкта жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×