Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуЧаткал району 01.04.2019 16:45

Чаткалда күрөштүн эки түрү боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында 31-мартта Алмамбет Исмаиловдун жаркын элесине арналган спорттун эркин жана улуттук күрөш түрлөрү боюнча райондук мелдеш өттү.

Айылдын башчысы Капарбек Смаилов билдиргендей, мелдешке 150гө жакын жаш спортчулар катышты.

«Мелдештин жыйынтыгында командалык эсеп боюнча 1-орунду Айгыр-Жал айылынын командасы, 2-орунду Каныш-Кыя айылынын командасы, ал эми 3-орунду Курулуш айылынын командасы ээледи. Ал эми чексиз салмак боюнча мелдеште балбан Али Атамкулов атаандаштарын утуп, жеңүүчү аталды. Жеңишти багындыргандар акчалай белектер менен сыйланышты», - деди К.Смаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×