Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуАксы району 01.04.2019 14:11 На русском

Кыргыз-өзбек чек арасындагы 130 гектар жерди бөлүштүрүү боюнча кайчы пикир жаралды (видео, сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караштуу Дейрес айылынын тургундары «чек арага чектеш жерлер коңшу Өзбекстанга өтүп жатат, биздин жерлер кыскарууда» деп нааразы болушууда. Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары М.Акматов бул маселе боюнча кооптонууга негиз жок экендигин, бардыгы документтердин негизинде чечилип жатканын айтууда. Аймактык кабарчы тургундар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн пикирин угуп кайтты.

Дейрес айылынын тургуну, өз алдынча чек арачы катары белгилүү болгон Бакыт Узенбаевдин айтымында, чек арага жакын жерде жашаган айылдыктардын кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн комиссиясына нааразычылыктары күч болуп жатат.

Анын айтымында, чек арага чектеш Дейрес-Өрүкзар участогундагы жердин айланасы боюнча түрдүү пикирлер жаралууда. Андагы участокто 130 гектар жер 1978-жылы эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда такталып, 93 гектары Кыргызстанга таандык экени аныкталган. Бирок ал жерди Өзбекстан пайдаланып жаткандыктан, жөн гана такталып, тийиштүү документтерге кол коюлган.

«Дейрес-Өрүкзар участогунда 130 гектар жер бар. 1978-жылы жер боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрү 1955-жылкы карта менен тактоо иштерин жүргүзүшкөндө, андагы жердин 93 гектар жери жана 4,5 чакырым асфальт жол Кыргызстандын жери болуп таанылган. Коңшу өлкө моюндаган экен. Бирок СССР курамында болгондуктан эки мамлекет тең бирдей пайдаланып келишкен. Ошондо коңшу өлкө кыргыздын 93 гектар жерин пайдаланып жүргөнү ачыкталган. Ал эми биздикилер болсо ошол 130 гектардын 76 гектары Кыргызстанга, 54 гектары Өзбекстанга таандык жер болгон деп жатышкан. Кайсыл негизде 54 гектар деп жатышат? Мен ушул суроого жооп таба албай жатам. Кийин ошол эле жерден сай тараптан дагы жер кошулуп, биздики 89 гектар болгон деп жатышат. Өзбекстандыкы дагы 89 гектар болуш керек деп Аравандан 35 гектар жер берилиптир.

Анан да бизде Союз мезгилинде Өзбекстан суу алып өткөн түтүк бар. Эми ошол суу өткөн түтүктөн чек ара тилкеси он метр бери жылып жатканы жанды кашайтып жатат. Эгер чек ара сызыгы жыла турган болсо Дейрес айылынын элинин түйшүгү көбөйөт. Жаңы пост курууга туура келет, эли суудан кыйналат. Биз ошол үчүн ар тарапка кат жолдоп жатабыз. Торт кескендей эле жер четинен кесилип бериле береби? Ансыз да шарты оор айыл. Ушул убакка чейин чек ара аймагындагы айыл статусуна ээ боло албадык.

Эл жаан-чачындын суусун топтоп ичкен учурдан улам эл көчүп кете баштады. Мен өлкө башчысына кайрылып кетет элем. Коопсуздук кеңешинде чек ара тилкелери боюнча маселени карап, тийиштүү адистердин отчетун алса жакшы болот эле. Мени жеке кабыл алса баарын түшүндүрүп бермекмин. 1978-жылы тактоо ишинде ушул эле айылдын жашоочусу Касымбек Соорбеков да райондо жерге жайгаштыруу боюнча адис катары иштеген. Ошол киши 93 гектар Кыргызстандын жери болгонун айтып жатат», - деди ал.

Ошондой эле ал мамлекеттин жерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтууда.

«Биздин мамлекеттин экономикасы буюрса өсөт, өнүккөн мамлекет болоорубузга ишенем. Бирок өлкөнүн жери эртең кайтарылбайт. Мамлекеттин жерин өткөрүп жибергендерди келечек муун кечирбейт», - дейт ал.

Анын пикиринде, чек ара жыла турган болсо Дейрес айылындагы 10го жакын үй-бүлөнүн бак-дарактарына таасирин тийгизет жана 4-5 үйдү бузууга туура келет.

Жергиликтүү тургун Касымбек Соорбеков чынында чек арадагы тактала элек жерди тактоо иштерине катышканын айтып, бул боюнча өзүнүн пикирин билдирди.

«Мен райондук жерге жайгаштыруу бөлүмүндө жетекчи болуп турган учурда 1978-1979-жылдары кыргыз-өзбек чек арасын тактап алууну биринчилерден болуп баштадым эле. Ошол учурда биздин Жаңы-Жол (азыркы Аксы) району Ош облусуна карачу. Анда Жалал-Абад, Баткен облусу деген түшүнүк жок эле. Анда биздин райондо такталбаган 14 тилке бар болчу. Өзбекстандын жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Наманган облустук бөлүмүнүн директору Нуридинов, облустук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы Имидинов, 3 райондун жер адистери чогулуп, баарын такташканбыз. Бизде 1955-жылы Абды Сүйөркулов менен Мухидинов кол койгон документ бар эле, ошону далилдегенбиз. Тактоо ишинин жыйынтыгында жер өлчөнүп, темир казык кагылган. Бизге 93 гектар жер өз жолу менен өткөн болчу», - дейт ал.

Ал эми өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов элдин дүрбөлөңгө түшүүсүнө негиз жок экенин айтууда. Анын пикиринде, чек араны тактоо иштери өз нугунда тийиштүү карталар менен жүрүп жатат.

«Туура эмес түшүнүктөн улам түрдүү пикирлер айтылууда. Бул багытта тийиштүү аракеттер жүрүп жатат. Сөз болуп жаткан участкадагы 76 гектар бизге өткөн. Андан сырткары Эшек-Мойнок аймагында жашаган биздин 80 түтүн эл бар, ал жер карта боюнча Өзбекстанга карайт экен, сүйлөшүү жолу менен биздин эл жашаган жер бизге өттү. Биз Өзбекстан пайдаланып келген жер менен алмаштырганбыз. Бул сыяктуу аракеттер айтылбастан, маалымат бурмаланып кетүүдө», - деди М.Акматов.

Дейрес-Өрүкзар участогу Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы №138 чек ара чекитинен тартып 142 чек ара чекитине чейин жайгашкан. Жалпы 130 гектар жерди түзөт. Анын ичинен 76 гектарын Кыргызстан, ал эми 54 гектарын Өзбекстан пайдаланып жаткан. Бул участокко Дейрес айылы жакын жайгашкан. Андагы элетте 200дөн ашуун кожолук, 1,5 миңдей эл жашайт.

Буга чейин Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак району менен чектешкен Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылынын тургундары үй-жайын таштап, көчүп кетүүгө мажбур болуп жатышканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×