Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусу, Токтогул 01.04.2019 10:49

Бишкек—Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүрдү

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү коркунучу бар тилкелеринде артиллериялык аткылоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин аталган унаа жолдун 132-133-чакырымында (Төө-Ашуу Ашуусу), 222-223-246-249-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн кар көчкүнү аткылоо боюнча буйрук чыккан. Кечээ, 31-март күнү атуу иш-чаралары уюштурулуп, 246-чакырымда (Көчкү-Булак тилкеси) 57 000 метр куб кар көчкү түштү.

ӨКМ артиллериялык эсеп кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары аяктагандыгына байланыштуу туруктуу ордуна кайтканын билдирди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×