Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 31.03.2019 15:25

Бишкек—Ош жолундагы посттордо ысык тамак, жылынуучу жайлар уюштурулду

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолундагы кар көчкү коркунучуна байланыштуу Чүйдөгү «Сосновка» жана Токтогулдагы «Арал» постторунда жылынуучу, ысык тамак-аш берүүчү пункттар уюштурулган. Бүгүн, 31-мартта саат 24:00гө карата «Сосновка» постунда 50 жеңил, 3 оор жүк ташуучу унаа, Таластагы «Талды-Булак» постунда 3 жеңил, 1 оор жүк ташуучу унаа, ал эми «Арал» постунда 10 жеңил, 27 оор жүк ташуучу унаа токтотулган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Н.Мирзахмедовдун буйругунун негизинде Бишкек—Ош унаа жолунда тиешелүү иш-чараларды алып баруу үчүн ыкчам топ иштеп жатат, деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы.

Бүгүн, 3-мартта саат 06:00дөн тартып «Арал», «Сосновка» жана «Талды-Булак» постторунан унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүп жатат. Бишкек—Ош жолундагы абал боюнча ӨКМ улам жаңы маалыматтарды таратып турат.

1

2

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×