Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 29.03.2019 12:21 На русском

Тогуз-Тородогу баш аламандык: Сотто милиционер аны сабаган 3 адамды кечирди. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясы Тогуз-Торо районундагы алтынды кайра иштетүүчү компаниянын аймагында болгон баш аламандык фактысы боюнча кылмыш иштин материалын кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу Turmush басылмасына облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Тогуз-Торо райондук сотунун 2018-жылдын 2-октябрындагы чечими менен Б.А.М. жана Э.З.К. КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүмү (Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралды, жардыруучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү пайдалануу менен ошондой эле бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолгон массалык тартипсиздиктерди уюштуруу) менен күнөөлүү деп табылып, алар 3 жылга эркинен ажыратылган. Ошону менен бирге сот соттолуучуларга КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 68-беренесин (Адамдын коомго коркунучтуу болбой калышынан улам жазадан бошотуу) колдонуп, аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон.

Дагы бир курамында 21 кишиден турган топко КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Өзү билип жер ээлөө), 174-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу), 233-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык тартипсиздиктер), 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту жана 2-3-бөлүмдөрүнүн 3-пункту (Бейбаштык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, ошого тете мүлктү жок кылам же зыянга учуратам деп коркутуу менен коштолгон, коомдук тартипти же жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин одоно бузган аракеттерди атайылап жасоо) менен айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 1-мартында саат 13:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтынды кайра иштетүүчү компаниясынын фабрикасынын жана курулуп жаткан объекттердин жанына 100дөй жөө адам жана 20га жакын атчан адам чогулган. РИИБдин кызматкерлери жана райондук администрациянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштерине карабай, чогулгандар фабриканын курулушу уланып жаткандыгын айтып, акция өткөрүшкөн.

Анын жүрүшүндө жашоочулар комбинаттын айланасындагы тосмолорду сындырып, анын аймагына кирип, имараттын терезелерине таш ыргытып, эшиктерин сындырып, имараттын жатаканасындагы Кытайдын эки жаранынан чыгууну талап кылышкан. Милиция кызматкерлери чогулгандарды фабриканын аймагынан тышкары чыгарууга аракет кылып жатышканда, айыл тургундары агрессивдүү болуп, баш аламандык уюштурушкан.

Анын кесепетинен айыл тургундары компанияга 641 миң сом зын келтиришкен. Аталган факт боюнча К.Н.Ж. аттуу жаранга КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 28-беренеси, 234-берененин 2-бөлүмүнүн 1-2-4-пункттары жана 3-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча айып тагылган. Мындан тышкары, жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза Кытайдын эки жараны жеңил жаракат алгандыгын аныктаган. Кытайдын Л.Х. аттуу жаранына 20 миң 900 сом, Ц.Я.Ч. аттуу жаранына 76 миң 950 сомдук зыян келтирилген.

Соттук жыйында маалым болгондой, 2018-жылдын 11-апрелинде саат 11:30 жана 16:30 аралыгында комбинаттын административдик имаратынын жанында жергиликтүү тургундардын нааразычылык акциясы өткөн. Аталган иш боюнча ведомстволор аралык комиссия иштеп жаткандыгы боюнча жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштерине карабай, тургундар тынчыбай, кетүүдөн баш тартышкан. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында райондук мамлекеттик администрация жана күч структураларынын өкүлдөрү тарабынан тургундарга митингди Казарман айылындагы эс алуу паркында өткөрүү сунушталган.

Тургундар менен жолугушууга ведомстволор аралык комиссиянын өкүлдөрү келишкен, анда белгисиз жарандар тарабынан чагымчылдык чакырыктар айтылып баштаган. Андан кийин чогулгандар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана ишкананын административдик имаратына таш ыргытып башташкан. Айыл тургундары милиция кызматкерлерине баш ийбей, ишкананын аймагындагы тосмосун бузуп салышкан. Комбинаттын аймагына киргенден кийин акциянын катышуучулары курулуштарды бузуп, техникаларын өрттөп башташкан.

Жашоочулардын бири техникалардын бирине отуруп, курулушу бүтө элек объекттерди бузган. Андан кийин айыл тургундары милиция кызматкерлерин болуп жаткан окуяны телефонго тартпашы керектигин айтып, аларды сабап салган. Бул компаниянын аймагында болгон экинчи баш аламандык эле.

Жүргүзүлгөн техникалык экспертизанын жыйынтыгында компаниянын имараты өрттөлүп, техникага зыян келтирилгени аныкталып, материалдык зыяндын суммасы 4 млн 44 миң 586,8 сом экендиги такталган.

Андан кийин «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын менеджери жана мыйзамдуу өкүлү Урмат [У.Т. аты өзгөртүлдү] сотто билдиргендей, 11-апрелдеги таш ыргытуу чогулгандардын арасынан Ш.У. (Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин төрагасы) чыгып: «Алар бизди дагы алдаганы жатышат» деп кыйкыруусунан кийин башталган. Алар окуя болгон жерден кетип, андан кийин У.Т. Казарман айылына барып, инвестордун өкүлүнө болуп жаткан кырдаал тууралуу билдирген. Андан кийин У.Т. инвесторлорго Бишкек шаарына барууну сунуштаган. Митингге чогулгандардын саны 2000-3000 адам деп болжолдогон.

Инвесторлор дароо эле кетип калышкан эмес, бир нече убакыт өткөндөн кийин фабрикадан чыгып жаткан түтүндү көрүшкөн. Менеджер билдиргендей, курулуп жаткан комбинаттын жанында 6 жолу нааразычылык акция болгон жана бир дагы адам жоопто картылган эмес. Ал комбинатка бир сутка өткөндөн кийин келип, техника жана имараттын жабыркаганын көргөн. Менеджер 14 млн 710 миң 577 сом материалдык зыян келтирилгенин айткан.

Анын айтымында, ал компаниянын башкы директору менен сүйлөшкөндө ал карапайым калктан материалдык зыянды өндүрбөй тургандыгын айтып, аны уюштуруучулар төлөй тургандыгын билдирген. Урмат ошондой эле 1-марттагы митингде чогулгандарга компаниянын мүлкүнө зыян келтиргендери үчүн жооп беришерин эскерткен. Бирок ага карабай алар тосмону бузуп салышкан.

Анын айтымында, компания 20 жаранды айыптоодон баш тартып, баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууну суранат. Урмат соттолуучуларды бири З.Э. боюнча айтып жатып, ал окуя болгон жерде жүрүп, болуп жаткан кырдаал тууралуу ага билдирип турганын айтты. Баш аламандык учурунда З.Э. колун сынып, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Компаниянын ага доосу жок.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Тогуз-Торо РИИБдин мурунку башчысы Ч.С. билдиргендей, жергиликтүү тургундар алтынды кайра иштетүүчү компаниянын ишине нааразычылык акциясын 2018-жылдын 1-февралынан тарта өткөрүп башташкан. Биринчи митинг 1-февралда маданият үйүндө өткөрүлгөн. Анда тургундар өздөрүнүн талаптарын коюшкан. Кийинки акция 1-мартта фабриканын жанында өткөн, анда ага акимдин орун басары К.А. катышып, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок катышуучулар жана атчан адамдар тосмону сындырып, имараттын аймагына кирип, Кытайдын жарандарына таш ыргытып башташкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. 10-мартта жергиликтүү тургундар менен акимдин орун басары жана компаниянын өкүлдөрү жолугушуп, алар 7-апрелге карата комиссиянын өкүлдөрүнүн келиши пландалып жаткандыгын айтып, ага суроолорду берүүгө мүмкүн экенин билдиришкен.

Ал билдиргендей, 11-апрелде чогулган калк менен жолугушуу үчүн ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү келишкен, бирок аларды эч ким уккан эмес. Баш аламандык башталып, имараттын алдында турган милиция кызматкерлерине таш ыргытып башташкан. Чогулган элди токтотууга мүмкүн болбой калган.

Анын айтымында, жабыркагандарды ооруканага алып барышкан. Ал дагы жаракат алган. Андан кийин жергиликтүү тургундар имаратты өрттөп башташкан. Окуя болгон жерде 80 милиционер кызмат өтөп жаткан. Тургундар имаратты өрттөп салышат деп алар ойлошкон эмес.

Ошол учурда комбинаттын имаратынын жанында чогулгандардын саны Тогуз-Торо РИИБдин мурунку башчысынын маалыматы боюнча 2 миңдей адам болгон. Алар жетишпей жаткандыктан Нарын облусунан милициянын 30 кызматкери келген.

Ошол окуялардын катышуучуларынын арасында Тимур аттуу (Р.Т. аты өзгөртүлдү) милиционер дагы болгон, ал дагы жаракат алган. Ал 2018-жылдын 1-февралынан тарта кесиптештери менен коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча иш алып барып жаткан. 11-апрелде алар тургундардын чогулушун сейил бакта өткөрүүгө аракет кылышкан, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Баары компаниянын имаратынын алдына чогулушкан. Милиционерлер чогулган адамдардын алдына тизилишкен. Ага жардам катары Нарындан дагы кесиптештери келишкен. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү чогулгандардын алдына чыгып сүйлөөгө камданып турушканда, таштар ыргытыла баштаган. Бирок милиция кызматкерлери аларды тосуп турушкан эле. Бир аздан кийин чогулгандар тосмо тарапты көздөй бет алышып, милиция кызматкерлери аларды токтотууга аракет кылышканына карабай, тургундар комбинаттын имаратынын аймагына кирип кетишкен.

Тимурдун айтымында, митингдин катышуучулары компаниянын мүлкүнө зыян келтирип жатышканда, ал болгон окуяны камерага тартууга аракет кылган.

«Ошол учурда улуу муундагы эркек киши менден камераны тартып алуу керектигин айтты. Мен жарандык формада болчумун. Мен милиция кызматкери экенимди айтканда, бир аял келип асылып, андан кийин тургундардан турган топ келип тегеректеп калышты», - дейт ал.

Анын айтымында, ал топтолгондордун арасынан чыккандан кийин тосмого чейин барып, андан секирип кеткен. Анын артынан арматура менен келген эки кишинин бири Тимурду урса, экинчиси тепкилеген. Ал өзүн жаман сезип, отуруп калган. Топтошкон элдин арасынан Тимурду кесиптештери алып чыгышкан. Ал айыл тургундарынан кимиси кандай бейбаштык кылганын так айтып бере албашын билдирген.

1-мартта болгон митинг тууралуу айтып жатып Тимур 500дөй адам тосмону кулатып, милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийишкен эмес. Окуя болгондон кийин Тимур эки ай дарыланып, ИИМдин ооруканасына жатып чыккан. Ал айыпталып жаткан 3 адамга доосу жок экенин билдирип, алар менен элдешкенин жана алар анын дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөп беришкенин билдирди.

Сот залында Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары Айбек Кожошев [2015-жылдан 2018-жылдын февраль айына чейин акимдин орун басары кызматын аркалаган. Учурда райондун акими] дагы көрсөтмө берди.

Анын айтымында, комбинаттын ишмердүүлүгү боюнча нааразычылык акциялар 1-февралда башталган. Бул боюнча түзүлгөн комиссия түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзгөн. 11-апрелде райондук администрациянын жетекчилиги сейил бакта жыйын өткөрүүнү пландап жаткан болчу. Бирок болбой калган. Жашоочулар комбинаттын жанына чогулушкан. Ал сүйлөйүн деп микрофонду алганда, алар тарапка таштар ыргытылып баштаган. Андан кийин чогулгандар комбинаттын аймагына кирип барышкан.

Анын айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу максатында ал Казарман айылына кетип, ал жактан тиешелүү органдарга окуя тууралуу билдирүү жөнөткөн. Кайра келгенде баары тарап жатышкан.

Кожошев билдиргендей, эгер райондук администрацияга эретерээк билдирүү түшкөндө алар шарттарды карап чыгышмак. Бирок билдирүү түшкөн эмес. 1-февралда райондун акими Тилек Идрисов дарыланууда болгондуктан, жергиликтүү тургундар менен Кожошев жолугуп жаткан. Комбинаттын имаратынын жанында болжол менен 2000-3000 адам чогулган деп эсептейт. Ошондой эле ал белгилегендей, акцияга катышууга чакырыктар WhatsApp аркылуу таратылып жаткан.

Бул кылмыш иштин материалдары 17 томдон турду. Иштин материалдарын карап чыгып, Тогуз-Торо райондук соту 2018-жылдын 22-октябрындагы чечими менен 21 жаранды массалык баш аламандыкка күнөөлүү деп эсептеп, 3 жылдан 5 жылга чейин камакка алды. Аны менен бирге сот жазаны шарттуу деп эсептөөнү чечти.

Бирок Тогуз-Торо районунун прокуратурасы 4 жаранга чыгарган чечим боюнча Жалал-Абад облустук сотко кассациялык даттануу келтирди. Облустук соттун чечими менен бул жарандарга чыгарган соттук чечим жокко чыгарылган. Аталган иштин материалдарын кароо соттун башка курамына тапшырылды. Жалал-Абад облустук сотунун 2019-жылдын 27-февралындагы чечими менен иштин материалдарын кароо Базар-Коргон райондук сотуна жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө бул кылмыш ишинин материалдары Базар-Коргон райондук соттун кароосунда.

Окуя тууралуу

Тогуз-Торо районунда 2018-жылдын 11-апрелде жергиликтүү тургундар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын иштешине нааразы болуп, анын имараттарын өрттөп салышкан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин айтымында, жумушчу топ эл менен жолугуп, элге түшүндүрүү ишин жүргүзмөк. Бирок район эли барган жумушчу топтун пикирине көңүл бөлбөстөн, аларга таш ыргытышкан.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×