Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 28.03.2019 11:52

Сузакта Көк-Арт дарыясынын 185 метр жээги бекемделди

Turmush -  Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагында Көк-Арт дарыясынын 185 метр жээги бекемделди. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, суунун деңгээли көтөрүлүп, Ынтымак айылындагы Благовещенка көпүрөсүнүн асты жагын суу жеп, коргоочу тосмолор бузула баштаган. Анын кесепетинен дарыянын боюндагы калктуу конуштарга, айыл чарба жерлерине, социалдык объектилерге коркунуч жаралган.

4-март күнү райондо өзгөчө кырдаал жарыяланып, дарыянын жээгин бекедөөгө ӨКМден 1 жүктөгүч, 1 кран, 5 самосвал жана 7 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында 27-март күнү дарыядагы суунун жээгин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 10 каттам таш ташылып, тосмонун 15 метр аралыгы бекемделген. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 185 каттам таш, 8 каттам майда таштар ташылып, тосмонун 185 метр аралыгы бекемделген. Бекемдөө иштери дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×