Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 27.03.2019 19:25

Ала-Букада турак үй толугу менен күйүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагындагы Кароол-Дөбө айылында турак үйдөн өрт чыкты. ӨКМдин бүгүн, 27-марттагы маалыматы боюнча, 135 чарчы метр аянттагы турак үй толугу менен күйгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жабыркаган жок. Электр зымдарынын чыңалуусу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Шыдыр айылында жайгашкан турак үйдүн чатыры өрттөндү. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×