Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 26.03.2019 14:26

Токтогулга барган вице-спикерден тургундар эмнени өтүнүштү?

Turmush -  Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 26-мартта Токтогул районунун эли менен жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач аймактагы социалдык объектилерди кыдырып, алардын абалын көргөн. Андан кийин жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Төраганын орун басары «Кызгалдак» бала бакчасынын, С.Нурумбектов атындагы орто мектебинин, А.Мамыров атындагы орто мектебинин жана райондук оорукананын абалы менен да таанышты.

Жергиликтүү тургундар эң оорчундуу маселелердин бири болгон А.Мамыров атындагы орто мектебинин имараты окуучулардын өмүрүнө коркунучтуу экендигин айтып, тез арада мектеп куруп берүүнү суранышты.

«Окуучулар 3 кезмет менен окуп жатканы өкүнүчтүү. Бул маселе тез арада каралып, жаңы мектеп куруу маселеси тиешелүү жетекчилер тарабынан чечилиши керек», - деди А.Касымалиева.

А.Мамыров атындагы мектеп союз учурунда ашар жолу менен курулган. Имарат авариялык абалда деп табылган. Учурда мектепте 300дөн ашык окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×