Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 26.03.2019 10:05

Сузакта коркунуч жараткан Көк-Арт дарыясынын жээги бекемделип жатат

Turmush -  Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагында Көк-Арт дарыясынын жээги бекемделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Ынтымак айылындагы Благовещенка көпүрөсүнүн асты жагын суу жеп, коргоочу тосмолор бузула баштаган. Суу боюндагы калктуу конуштарга, айыл чарба жерлерине, социалдык объектилерге коркунуч келтирүүдө.

Буга байланыштуу акимчилик 4-мартта өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялаган. Жерине ӨКМден 1 жүктөгүч жана 4 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында 25-март күнү дарыядагы суунун жээгин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жумушчулар тарабынан чоң таштардын арасына майда таштарды салуу жумушу аткарылды. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 175 каттам таш, 8 каттам майда таштар ташылып, тосмонун 170 метр аралыгы бекемделген. Жээкти бекемдөө иштери бүгүн, 26-март күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×