Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 25.03.2019 21:15 На русском

Ала-Букада сот аткаруучу 25 миң сом пара алып жатканда кармалды

Turmush -  УКМКнын Коррупция менен күрөшүү кызматынын өкүлдөрү пара алып жаткан жеринен сот аткаруу бөлүмүнүн кызматкерлерин колго түшүрдү. Атайын иш-чара 20-мартта уюштурулганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

25 миң сом алып жатканда кармалган Жалал-Абаддагы Ала-Бука райондук сот аткаруу бөлүмүнүн кызматкери жергиликтүү жашоочудан 30 миң сом талап кылган. Жашоочу алимент үчүн 67 миң сом карызы бар болгондуктан Кыргызстандан тышка чыгууга жардам берүүгө убада кылган болчу.

Бул факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 326-беренесиндеги 1-бөлүм (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Кармалган адамдар Жалал-Абадда убактылуу камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×