Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 25.03.2019 17:56 На русском

Видео, сүрөт — Ала-Букада өз алдынча азап менен алтын казгандардын түйшүгү жана үмүтү

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл аймагындагы Соломо участкасында өз алдынча алтын казып, аны сай жээгинде чайкаган жергиликтүү тургундарды кезиктирүүгө болот. Мындагы тилкеге лицензия алган фирма кенди казып кетип, эл калган калдыктарын термелөө менен күн өткөрүп жатышат. Аймактык кабарчы өз алдынча кен казгандар менен жолугуп, алардын ишине күбө болуп кайтты.

Орто-Токой суу сактагычына суу куйган сууну жээктеп, өз алдынча алтын казгандар кышкысын арбын болот. Мектеп окуучусунан тартып жашы 70ке таяп калганы да кен издеп жөнөшөт.

Кышкысын бир күндө 40-50дөй адам чыккан учур да болоорун мындагы кен казгандар билдиришти. Анткени кышкысын жумуш жок болгондуктан, үй-бүлө багуу үчүн айылдагы эркектердин дээрлиги суу жээктеп жөнөшөт. Бул жерге 3-4 айылдын тургундары келишет. Азыркы тапта талаачылык иши жанданып калгандыктан, таш аралагандардын саны азайган. Биз барган Соломо участкасынан 5 адамды жолуктурдук. Алардын колдорунда лом, балка сыяктуу 3-4 чакан шаймандар бар. Алар ушул шаймандар менен эртеден кечке жер чукулашат. Кара терге түшүп, көрүнгөн ташты тырмышып казгандарын көрүүгө болот. Муздак жерди чукулап, муздак сууну кечип алтын чайкоо жумушуна көнүп деле калышкан. Айтор, кен байлыкты табуу оңой эмес. Анын азабына алтын тапкысы келип, башка аймактардан келгендер бир күн да чыдабай, кетип калышат. Бул жумуштун түмөн түйшүгүнө чыдагандар, сабырдуулук менен иштегендер гана калышат.

Бир апта казган жерден бир грамм алтын чыкпай калат...

Топчубек Мырзабеков сай жээктеп, алтын казуу түйшүгү менен алектенет. Бул жумуштан байып кеткен деле жери жок. Башкысы балдарын бакканга, күнүмдүк турмуш-тиричилигине жетип жатат. Акыркы 2 жылдан бери Соломо участкасында фирма казып кеткенден кийинки калдыктарды издөө менен убара. Бүгүн ал шериги менен бир күн кечке алтын чыгышы мүмкүн делген жерди казышып, үч мүшөк топурак аралашкан майда шагылды толтурушту. Андан алтын чыгаар чыкпасы сууга чайкаганда гана белгилүү болот.

«Алтын казышат экен дешсе, айрымдары башкача ойлоп келишет. Биздин жумушту көргөндөн кийин казбай да кетип калгандар бар. Бүгүн кечке шеригим экөөбүз 3 мүшөктү толтурдук. Алтын чыгабы же чыкпайбы аны суу жээгине барып чайкаганда билебиз. Кээде бир апта казган жерибизден бир грамм алтын чыкпай калат. Мындайда «бир апта өкмөткө иштеп бердик» деп күлүп калабыз. Кээде бир күндө 1-2 грамм алтын алган учурубуз болот. Мындайда апталап жөнү жок жер казганыбызды унутуп деле калабыз. Биз казып жаткан жерлерде алтын азайганбы, айтор азыр граммга жетпей жатат. Бир күн кечке иштеп 200-300 сом таап калабыз», - дейт тургун.

Анын айтымында, алтын казууга келгендер эртең менен жумушка келгендей эле эрте келишип, күн баткан тапта үйлөрүн көздөй жөнөшөт. Кээ бир күндөрү жол кирелерине да пайда таппай калышат.

«Биз айылдан такси менен келебиз, акчабыз болбой калган күндү айдоочулар жакшы түшүнүшөт. Тамак-ашыбызды кошо ала келебиз, ушул жерде эле баарлашканча тамактанып алабыз. Жумушубуз жакшы болгон күндөрү карыздарыбызды төлөп, жакшы маанай менен үйүбүзгө кирип барабыз. Азыр биз казып жаткан жерде темир таштар бар экен, ошол жерден жакшы болот деп жатабыз», - деп кошумчалады.

Район жашоочусунун жумушу аяктаганга чейин күтүп турдук. Топчубек мырза шериги экөө казган кум аралаш шагылды алгач элеп, майдаларын бөлүп, мүшөктөп, жонуна артып, сууну көздөй жөнөдү. Ал 200-300 метрдей аралыкты басып, суу жээгине жетип, чайкоого киришти. Бирок алар күткөндөй алтын чыккан жок. Тактап айтканда бир күндүк мээнети теке кетти. Бирок алар мындай учурга көнүп деле калышкандыктан, жай гана эртеңки күнгө үмүт артып, үйлөрүнө жөнөп кетишти.

Кандай таштын айланасында алтын болушу ыктымал?

Ал эми ошол жерде алтын казуу Нурмухаммед Темиралиев үчүн өз жумушуна айланган. Акыркы 7-8 жылдан бери эле сай жээктеп, көздөгөн жумушун жасап келет. Азыр ал да болжогон салмагы оор турган, башка таштардын түсү менен өзгөчөлөнгөн көлөмдүү таштын жарака кеткен жерлерин талкалап, топтоо менен алек. Анткени ал таштын айланасында алтын болушу ыктымал.

«Бул биздин жумушубуз. Өзүнүн түйшүгү бар. Бул ташка жетүү үчүн 2 метрдей жерди казып, бүгүн жеттим. Эми чайкаганда билинет. Жумушу оо, ден соолугуңду жоготосуң. Муздак жерде көп жүрүп, бут ооруйт, күн ысык болгон учурда башың ооруйт. Ошентсе да үй-бүлө багалы деп иштеп жүрөбүз», - дейт ал.

Мындагылар алтынды темир таштын айланасынан издешет. Алардын түшүнүгүндө салмагы оор болгон, кара түстөгү таштардан бир аз айырмаланып турган таштан улам анын айланасында алтын бар деп эсептешет. Анан да өздөрүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Кимдир бирөөсү алтын чыгышы мүмкүн деп казып жаткан жерине башкасы тийбейт. Ал апталап ишин бүткөрүп келип, кайрадан жумушун уланта берет. Башкача айтканда бири-биринин эмгегин сыйлайт жана биримдикте иштешет.

Андагы Соломо участкасында үңкүр сыяктуу оюлган жерлерди кездештирүүгө болот. Ичи 6-7 метрге чейин казылган. Ал эми сай жээгинде болсо алтын чайкоого ылайыкташкан шаймандар орнотулган. Сеники-меники деген түшүнүк жок. Тапканын алып барып сай жээгинде чайкап алышат.

Райондун акими эмне дейт?

Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы кен чыккан жерде 14 жылдан бери Kg.Ltd компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

«Компаниянын лицензия алган аймагы 80 гектарды түзөт. Анын ичинен 60 гектары табылга катары эсептелген. 16 гектарына кошумча транспортторду койгонго эсептелген. Мында 90дон ашуун жумушчу эмгектенет, 2025-жылга чейин мөөнөтү бар. Бул компания былтыркы жылы Өрүктү айыл аймагына 12 миллион сомго эсептелген каражат берди. Андан сырткары 2 млн 400 сом салык төлөндү. Фабрика сезондуу иш алып барат», - деди аким.

Ала-Бука району боюнча геологиялык чалгындоого жана кен казууга 62 лицензия берилсе, учурда 4 компания иштеп жатат. Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча кен казууга 526 фирма лицензия алган. Учурда анын 20дан ашууну өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×