Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуНоокен району 24.03.2019 20:30

Ноокенде Март революциясынын катышуучулары сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 24-мартта Ноокен районунда 2005-жылдын 24-мартында болгон элдик революция эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, анда Март революциясынын 67 катышуучусун жана айыл аксакалдарын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев, райондун акими Э.Маматаев жана райондун аймагындагы айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри куттукташты.

Ошондой эле, райондук маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа тартууланып, айыл өкмөттөрү жана Кочкор-Ата шаардык мэриясы тарабынан сый тамак уюштурулду.

Райондук мамлекеттик администрация башчысынын белектери тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×