Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуЧаткал району 24.03.2019 11:15 На русском

Видео, сүрөт: Кышы катаал Чаткалда калың кар алигиче кете элек

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кыш мезгили 6 айга чейин уланат. Азыркы тапта алыскы райондо 20-30 сантиметр кар бар, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аймакта күндүзү абанын температурасы 5 градус жылуу болсо, түнкүсүн 7-8 градуска чейин суук болуп жатат.

«Бизди башка аймактар менен байланыштырган жолубуз ачык. Буга чейин калың кар жааганда жолубуз жабылып калып, эл кыйналчу. Быйыл жергиликтүү бийлик жол каттамын дайыма тазалап, иштеп жатышат. Жол ачык болгону үчүн эл азык-түлүктөн кыйналган жок», - дешет жергиликтүү тургундар.

Районго быйыл 1,5 метрдей, алыскы Ак-Таш айылына 2 метрдей кар түштү.

Чаткал райондук администрациясынан алынган маалыматка караганда, азыр социалдык объекттерге дагы деле жылуулук берилип жатат.

Ал эми Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка, Красная-Горка—Ак-Таш жолуна жыл сайын кар күрткүлөрү түшөт. Азыр андагы жолдор тазаланды. Деген менен аталган жолдордо дале кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон тилкелер бар.

Чаткал районунда 5 айыл аймак бар. Калкынын саны 28 миңге жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×