Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 24.03.2019 10:43 Жаңыланды: 08.04.2019 22:47

Ой пикир: Энергетика саясатын оңдоого убакыт келди, - кара-көлдүк депутат З.Бопошев

Turmush -  Өлкөнүн энергетика саясатын оңдоого убакыт келди, деп эсептейт Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Заманбек Бопошев.

Анын айтымында, Улуттук энергохолдинг жоюлбай, саясаттан сырткары өндүрүштүк-чарбалык иштер менен алек болушу керек.

«2022-жылдан баштап энергетика тармагына алынган насыялардын төлөмдөрү төлөнүп башталат. Ошондо кризис болуп, суу сактагычта суу аз болуп калышы ыктымал. Эми ар кандай жагдай жаралып калышы мүмкүн. Менин жеке пикиримде энергетика - бул калыптанып калган, келечектүү тармак. Муну биз өлкөнүн келечектеги экономикасын көтөрө турган тармак же болбосо экономиканын локомотиви деп айтсак да жарашат. Ошондуктан буга туура саясат жүргүзүшүбүз керек. Президент менен өкмөтүбүздүн жүргүзүп жаткан саясатын туура деп ойлойм. Анткени баардык тармактарда өзгөрүү болуш керек.

Бүгүнкү күндө энергетикада жоготуулар, дебютордук карыздар көп. Энергетика тармагын оптималдаштырууга же болбосо ички чарбалык, экономикалык саясатын оңдоого убакыт келди. Ошондуктан кайрадан Энергетика министрлигин түзөбүз деп көп эле талкуулап жатышат. Энергетиканын чарбалык иштерин саясаттан алыс коюп, аны энергохолдинг калыш керек. Анткени бул тармактын практикасында 1997-2001-жылдары Кыргыз энергохолдинг болуп турганда бир топ чарбалык иштер жасалып, жоготуулар, дебютордук карыздар азайган. Андан кийин 2001-2016-жылга чейин Энергетика министирлиги болуп турду. Система аябай чаржайыт болуп, башкаруу жакшы болбой калды. Көбүнчөсү саясатка аралашып кетти. Бул тармакка насыялар көп алынып калды. Ал максаттуу пайдалангандыгын өкмөт текшериши керек, көп каражат максатсыз кетип калгандай болду. Буга ЖЭБди модернизациялоо иши мисал боло алат.

Анан чарбалык, өндүрүш иштер саясаттан алыс болушу керек. Өзүнүн нугу менен иштеп, элге сапаттуу, үзгүлтүксүз, эл көтөрө турган баада электр энергияны жеткирип берүү шарт. Анткени бизге жараткан кооз жаратылышты, таза сууларды мол берген экен. ГЭС курганга болот, бирок акчабыз жок болууда. Бул инвестиция тартуу менен чечилип жатат. Бизден кийинки урпактарга кала тургандай ГЭСтерди курушубуз керек.

Холдинг бир нече акционердик коомдордун бирикмеси. Бул өзүнчө чынжырча. Холдинг өзүнүн өндүрүштүк, чарбалык иштери менен алек болсо. Ал эми министирлик түзүлсө түзүлсүн, бирок холдинг жоюлбашы керек деп ойлоймун. Министирлик ГЭСтерди курганга инвестиция тартканга, мамлекеттик деңгээлде саясатын жүргүзсө болот. Эң негизгиси кадрдык саясатка көңүл бөлүп, министирликти оптималдаштырып түзсө баары жакшы болот эле», - деди З.Бопошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×