Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 23.03.2019 10:52 Жаңыланды: 23.03.2019 16:41 На русском

Өзбекстанга чектеш Дейрес-Сайдын тургундары көчүп кетишти. Айыл башчы эмне дейт? (видео, фото)

Turmush -  Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак району менен чектешкен Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылынын тургундары үй-жайын таштап, көчүп кетүүгө мажбур болушууда. Элет тургундарынын жашоо-шарты менен аймактык кабарчы таанышты.

57 жаштагы Кундуз Өмүралиеванын айтымында, ал жолдошу менен айылга 1985-жылы көчүп келген. Өткөн жылы жайында айылды сел каптап, короо-жайын жууп кеткенден кийин аргасыздан башка жерге көчүшкөн.

«Бул айылга көчүп келгенибизге көп жыл болду. Жолдошум менен бирге 7 баланы тарбиялап, өстүрдүк. Айылда ичүүчү таза суу жок, мындан сырткары мектеп жок болгондуктан неберелерибиз күн сайын чек арага чектеш 10 чакырым ээн жолдон жөө каттап, билим алууга мажбур. Айылда негизги киреше булагы мал чарбачылыгы болуп саналат, малды адырга айдасак, чек ара тарапка басып кетсе, аны коңшу өлкөнүн аскерлери айдап кирип кетишчү. Мурдагы жылдын апрель айында айылды сел каптап, мал сарайларыбызды жууп кетти. Ошондон кийин шарттын жоктугунан Авлетим айылынан жер тилкесин алып, көчүп кетүүгө мажбур болдук. Азыр эски үйүбүздө калган идиш-аяктарыбызды алып кетүү үчүн келдик», - дейт К.Өмүралиева.

Ал эми ошол эле айылдын дагы бир тугуну Зууракан Бокоева айылда таза суунун жоктугунан улам жамгырдын сууларын ичүүгө аргасыз экенин айтты.

«Жамгыр жааган учурда идиштерди тамдын түбүнө коюп, суу толтуруп алабыз. Андан соң аларды желим бөтөлкөлөргө куюп, тамак-ашка пайдаланабыз. Кээде суу төгүлүп кетсе ыйлагыдай болобуз. Айрым учурда айылдан 30 чакырымдай алыс аралыктагы Үч-Коргон айылына базарга барганыбызда ал жактан идиштерге толтуруп суу ташып алып келебиз. Бизге суу чыгарып берсе жакшы болмок. Шарттын жоктугунан кошуналарыбыз көчүп кетип калышты. Чек ара менен чектеш айылда жалгыз биз калдык», - деди З.Бокоева.

Дейрес-Сай айылынын башчысы Камбаралы Кулмырзаевдин айтымында, айыл 1983-жылы колхоз болуп түптөлгөндө жумушчулар көчүп келип отурукташкан. Кийинчерээк колхоздун жери жеке менчикке өткөрүлгөндөн кийин ал жер айыл болуп түптөлүп калган. Бирок ошол жылдардан тарта айылга жетиштүү көңүл бөлүнбөй келген.

«Биздин айыл айыл өкмөттөн 100 чакырым, райондун борборунан 80 чакырым алыс аралыкта жайгашкан. Жергиликтүү жашоочулар базарга атайын коңшу айыл өкмөттүн, Үч-Коргондун базарына барышат. Айыл Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешет, чек ара маселеси такталбагандыктан айылдыктар көп кыйынчылыктарга кабылып келет. Айыл ичинде ичүүчү таза суу жок, жолдор начар, мектеп 10 чакырым алыс аралыкта жайгашкандыктан көпчүлүк жашоочулар көчүп кетип жатышат. Мурда ушул эле айылда 20 кожолук бар болсо, азыр 8 гана үй-бүлө калды, алардын ичинен көчөбүз дегендер четинен чыгып жатат», - дейт айыл башчы К.Кулмырзаев.

Аксы районунда 137 миңден ашуун калк жашайт, райондогу 4 айыл өкмөт Өзбекстан менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×