Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуНоокен району 21.03.2019 17:24

Ноокенде Нооруз майрамы спорттук мелдештер менен коштолду (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунда Нооруз майрамы белгиленип, аким Э.Маматаев жергиликтүү тургундарды куттуктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондун борборунда өткөн майрамдык иш-чаранын алкагында театралдаштырылган көрсөтүү коюлуп, ата-бабалардан калган үрп-адаттар, каада-салттар даңазаланды. Ошондой эле боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана тамак-аштын түрү көргөзмөгө коюлду.

Мындан тышкары, спорттун күрөш, волейбол, шахмат, шашки түрүнөн мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө ар кандай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×