Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 21.03.2019 19:14

Нооруз–2019: Чаткалдык аялдар оодарышка түшүп, Аксыда тамак-аштын 200дөн ашык түрү көргөзмөгө коюлду (сүрөт)

Turmush -  Чаткал районунда Нооруз майрамына карата 4 айыл өкмөттөн чогулган жашоочулар улуттук оюндар боюнча күч сынашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чаранын алкагында аялдар жана эркектер арасында оодарыш оюну өткөрүлүп, аркан тартыш, чуркоо боюнча мелдештер уюштурулду. Мындан сырткары, жаштар арасында күрөш боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле Аксы районунда дагы Нооруз майрамы кызуу белгиленди.

Аксы райондук администрациясы кабарлагандай, Кербен шаарында 30дан ашык мекеме-ишканалардын кызматкерлери тамак-аш көргөзмөсүн өткөрдү. Көргөзмөгө улуттук тамак-аштын 200дөн ашык түрү коюлду. Анда 1-орунду медицина кызматкерлери, 2-орунду билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери ээлешти.

Көргөзмөгө даярдалып чыккан тамак-аштарды район жетекчилиги баалап, ар бир мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×