Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 20.03.2019 15:58

Ала-Буканын Ажек айылында эки кабаттуу заманбап маданият үйү ачылды (видео)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Ажек айылында Нооруз майрамын утурлай жаңы маданият үйүнүн ачылышы болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, аким Эмил Абдыкадыров, айыл аймактын башчысы Муктар Шербаев, АРИС уюмунун өкүлү Сапарбек Токоев катышты. Анда алгач эртеңки Нооруз майрамына карата «Кыргыз көчү» аталышында сахналаштырылган көрүнүш тартууланды. Анда көчмөн элдин жашоо-турмушу чагылдырылып, кыргыздын улуттук оюндары көрсөтүлдү.

Ал эми элеттиктер күткөн имаратка КРнын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан айылды инвестициялоо долбоорунун алкагында 12 миллион сом, райондук өнүктүрүү фондунан 1,5 миллион сом, 1-Май айыл аймагы тарабынан 700 миң сом бөлүнгөн. Бул эки кабаттуу имарат 220 орунга ылайыкталып, заманбап шартта курулган. Жылытуу системалары да жолго коюлган.

1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаевдин айтымында, бул элеттин маданиятын көтөрүү максатында жазылган айыл аймактын долбоору колдоо тапкан.

«Мындан ары элеттиктер түрдүү маданий иш-чараларды ушул имаратта өткөрө беришет. Чыгармачыл инсандардын концертине да шарт жаралды. Жергиликтүү бийлик тарабынан 3 штат бирдиги чечилди. Буюрса маданият үйүн дагы жакшыртуу аракети көрүлө берет», - деди ал.

Өкүлдүн орун басары Ы.Ызабеков айыл аймакта бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилөө менен дубанда маданий жайларды жакшыртуу жумуштары жанданганын айтты.

1-Май айыл аймагы Өзбекстан менен чектешип, 6 айылдан турат. 15 миңден ашуун калкы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×