Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.03.2019 10:54

Токтогулдун Торкен—Толук унаа жолунда түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды

Лавина накрыла легковой автомобиль в Чон-Аалйском районе. 5 февраля 2019 год
Лавина накрыла легковой автомобиль в Чон-Аалйском районе. 5 февраля 2019 год
// МЧС Кыргызстана

Turmush -  Кечээ, 19-мартта Токтогул районунун Торкен—Толук унаа жолунда түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көлөмү 840 метр куб көчкү саат 16:00 чамасында аталган жолдун 68-чакырымында (Термечик тилкеси) түшүп, унаа жол жабылып калган. Жолду тазалоого №23 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер, 3 кызматкер тартылган. Алардын жардамында саат 19:00 чамасында унаа жол толук тазаланды.

Ошондой эле кечээ саат 18:20 чамасында Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 88-93-101-чакырымдарында (Рават, Кыз-Булак, Терс тилкелери) көлөмү болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Мындан сырткары Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында (Капчыгай тилкеси) көлөмү болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылган. Жолду кар көчкүдөн тазалоого №27 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылып, саат 20:40да Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолу бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери бүгүн, 20-март күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×