Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 19.03.2019 17:39 На русском

Айыл турмушу: Ала-Букада 33 миң еврого курулган ишкана бир жылда 5 тонна таштандыны кайра иштеп чыгарды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 3 тургуну таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачып, 8 адамды иш менен камыз кылышкан.

Ишкананын кызматкери Шавкат Керимбаев аймактык кабарчыга билдиргендей, алар полиэтилен башчыкчалардын, желим бөтөлкөлөрдүн килограммын 30 сомго чейин сатып алышат.

«Ишкана ачылып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканына эки жылдын жүзү болду. Азыркы тапта 8 адам такай жумуш менен камсыз болгон. Бул жерде ийкемдүү желим түтүктөрдүн 5 түрдүү өлчөмдөрдө чыгарабыз, негизинен түтүкчөлөрдү тамчылатып сугарууга жана таза сууну тартууга пайдаланышат. Азырынча Ала-Бука жана Аксы районунун базарларына сатууга алып чыгып жатабыз.

Полиэтилен баштыкчаларды көбүн эсе жергиликтүү жашоочулардан килограммын 30 сомдон сатып алабыз. Кээде сатуучулар жок болуп калган учурда, өзүбүз терип келгенге мажбур болобуз», - дейт Ш.Керимбаев.

Ал белгилегендей, ишкана элден бир айда 700 килограмга чейин полиэтилен сатып алса, ал эми бир жылда 5 миң тоннадан ашуун таштандыга айланган полиэтилен баштыкчаларды кайра иштетет.

Маалым болгондой, аталган ишкананы курууга жалпы 33 миң евро жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×