Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 19.03.2019 11:05

Сузак райондук маданият бөлүмүнүн башчылыгына сынактан өткөн У.Кадыркуловага аким, кызматкерлер каршы болууда

Turmush -  Сузак райондук маданият бөлүмүнүн башчысы кызматына өткөн сынактан утуп келген Умсунай Кадыркуловага аким макулдугун бербей жатат. Ысымы аталган кызматкердин талапкерлигин маданият кызматкерлери да колдобой, ар тарапка кайрылуу катын жөнөтүшүүдө. Мындан улам аймактык кабарчы бул жагдайдын чоо-жайын тактады.

Маалым болгондой, Сузак райондук маданият бөлүмүнүн башчысы кызмат орду акыркы 4 айдан бери бош турат. Бул орун үчүн былтыркы жылдын декабрь айында өткөн сынакта 5 адам ат салышып, бешөө тең Мамлекеттик кадр кызматынын тестирлөө сынагынан упайлары төмөн болуп калгандыктан, сынакка толук катыша алышкан эмес. Быйылкы жылдын февраль айында бөлүм башчылыкты жетектөө үчүн экинчи ирет сынак өтүп, ага 4 адам катышып, экөө 30дан жогору упай топтой алышкан. Жыйынтыгында көп жылдан бери мамлекеттик кызматтарда, көбүнчө социалдык тармактарда иштеп келген Умсунай Кадыркулова утуп чыккан. Сынактын жүрүшү тууралуу Умсунай Кадыркулова айтып берди.

«Райондун маданият бөлүмүн жетектөөгө маданият кызматкерлери өздөрү эле сынакка катышып көрсүн деп, былтыркы жылдын декабрь айыда өткөн сынакка катышкан эмесмин. Эмнегедир бешөө тең Мамлекеттик кадр кызматтын тесттик упайынан өтө алышкан жок. Февраль айында экинчи жолу өткөн сынакка катышып, 30 упайдан жогорку көрсөткүчкө жеттим. Адегенде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жумушчу комиссиясы документтеримди, иш тажрыйбамды карап, ошолордун сынынан өткөндөн кийин тест тапшырдым. Андан жакшы упай алдым. Андан кийин дил баян жазып, маектешүүгө кирип, жакшы деп бааландым.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин комиссия курамы мени куттукташып, министрликтен акимчиликке кат жөнөтүштү. Мен да катты акимге алып кирдим, ал мени тажрыйбалуу инсан экенимди айтып, жакшы пикиринин аягында ойлонуп көрөөрүн, маданият кызматкерлери менин келишимди каалабай тургандыктарын билдирип, кайрылуу жолдогонун айтты. Кийин министрликке мага макул эместигин билдирип, кат жөнөтүшүптүр. Ал кызматкерлер мени тааныбай, билбей туруп эле каршы болуп жатышканына түшүнбөй турам. Анан да айта кетүүчү жагдай, Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзам бар. Ошонун негизинде мамлекеттик кызматтарды өткөрүү жөнүндө жобо бар. Андагы 58-пунктунда сынактын шарттары туура келбесе аким каршы боло алат деп жазылган. Мен сынактан туура өтүп келдим, район башчысы каршы болгудай мыйзамсыз кадам жок да. Мен да маданият тармагына аралашып эле жүргөн инсанмын. Жалал-Абад шаарында, Ноокен районунда иштеп жүргөндө деле маданият тармагы менен бирдикте көптөгөн чоң саамалыктарды өткөргөм. Бул тармактан алыс адам эмесмин», - деди Умсунай Кадыркулова.

Бул кадрдык маселени өкүлчүлүктө ЖКнын депутаттары эл менен жолуккан учурда Рада Туманбаева көтөрүп чыккан. Эл өкүлү да Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдагы пункТтарды аким сактабаганын айтып жатып: «Өзүңүздүн көздөгөн кадрыңызды коё албай жатат окшойсуз? Эмнеге сынактан жеңип келген кызматкерге мүмкүнчүлүк бербей жатасыз жана 58 пунктту бузуп жатасыз?!», - деген эл өкүлү.

Ал эми аким өз укугун пайдалангандыгын жана маданият кызматкерлеринин пикирин эске алганын айтты.

«Мен бардык кызматкерлерге, элге бирдей эле мамиле кылам. Бөлүм башчынын келүүсүнө маданият кызматкерлеринин 90 пайызы каршы болуп, өкмөткө, президентке чейин кайрылганынан улам макулдук берген жокмун. Маяналары аз болсо да эл кызматын аркалап жүргөн кызматкерлердин ой-пикирлери эске алынды. Менин көздөгөн кадрым жок. Жетекчилик кызматка келчүлөргө жергиликтүү бийликтин да пикири эске алынат, биз ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаландык», - деди райондун акими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×