Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 19.03.2019 10:11 На русском

«Кыргызнефтегаз» ААКтан мунай уурдап жүргөн жаранга сот чечим чыгарды

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында жайгашкан «Кыргызнефтегаз» ААКтын Жалал-Абад шаарындагы «Петрофакт» ишканасына баруучу жердин асты менен өткөн түтүктү тешип, мунай уурдагандардын бири сот жообуна тартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Сузак райондук сотунун 2019-жылдын 8-февралындагы өкүмү менен Ю.А.А. КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин 3-бөлүмү (уурдоо, адамдын менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка объектке кирүү менен) күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган.

«Кыргызнефтегаз» ААКтын пайдасына Ю.А.А.дан 7 млн 672 миң 903 сомдук зыян өндүрүлгөн.

Ю.А.А.нын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 10-декабрынан баштап эсептелинип, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын 01-октябрындагы №68 редакциясынын) 61-беренесинин негизинде Ю.А.А. өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин алдын ала камакта болгон бир күнү эки күнгө барабар болуп эсептелинген. Бөгөт коюу чарасы камактагы бойдон өзгөртүүсүз калтырылган.

«Аталган өкүм менен соттолуучунун жактоочусу макул болбой, апелляциялык даттануу келтирген. Бирок Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө аталган жазык иш келип түшө элек», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жалал-Абад облусунда «Кыргызнефтегаз» ААКтагы мунай уурулуктун бети ачылганы маалымдалган.

Аталган факт боюнча 2018-жылдын 10-ноябрында Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштердин натыйжасында 22-декабрда кылмышка шектүү делип Сузак районунун 1987-жылы туулган тургуну Ю.А.А. кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×