Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 18.03.2019 11:03 На русском

Ала-Букада эки өлкөнүн жарандары каналдарды тазалап, көчөттөрдү отургузушту (сүрөт, видео)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагында коңшу өлкөнүн жарандары менен биргеликте достук ишембилик өтүп, эки мамлекет пайдаланган каналдар тазаланып, көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу 1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.

Анын айтымында, 16-17-март күндөрү аталган айыл аймакта ички каналдар тазаланып, жаңыдан уюштурулган паркка көчөттөр тигилди. Бул иш-чарага коңшу өлкөнүн Касан-Сай районунун калкы да активдүү катышкан.

Бул саамалыкка Өзбекстандын Касан-Сай районунун акими Бахадир Усманов баштаган жетекчилер жана Ала-Бука районунун акиминин орун басары Бектур Сагымбаев баштаган жетекчилер катышып, алар эки элдин достугу мындан ары да бекемделерин айтышты.

«Коңшу өлкөдөн жалпы 200гө жакын жашоочу 30га жакын атайын техниканын коштоосунда келишти. Бизден да техникалар тартылып, ишембилик кызуу жүрдү. Мисалы, Чуст каналы тазаланды. Негизи бул каналды биздин эл көбүрөөк пайдаланат. Ошондой эле 10го жакын чакан каналдар казылып, тазаланды. Ажек айылында таштак жерге жаңыдан уюшулган паркка 2000 түпкө жакын теректин көчөттөрү отургузулду», - дейт айыл аймак башчы.

Достук ишембилик эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×