Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.03.2019 15:25

Жалал-Абадда жыл башынан бери ала качуу фактысы боюнча 5 кылмыш иши козголду

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2019-жылдын 2 айында ала качуу фактысы боюнча 5 кылмыш иши козголуп, учурда үч иш сотко өткөнү турат. Мындай маалымат 15-мартта өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө Жогорку Кеңештин депутат айымдарынын катышуусунда өткөн жыйында айтылганын аймактык кабарчы билдирди.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары М.Хажиматовдун баяндамасына караганда, былтыр 1284 зордук-зомбулук фактысы катталса, анын 1140 учуру аялдарга тийиштүү болгон.

«Жабыр тарткандар үчүн тийиштүү чаралар көрүлдү. Айрымдарына коргоо ордерлери берилди. Ал эми былтыр облуста 29 ала качуу фактысы катталып, анын алтоосуна кылмыш иши козголгон. Үч кылмыш өндүрүштөн кыскартылган. Жыл башынан бери кыз ала качуу боюнча 5 факты болуп, баарына тең кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө, үчөөсү сотко өтүү алдында турат. Жаңыдан күчүнө кирген кодекстерде ала качуу фактысына жаза күчөтүлгөн. Бул да ала качуу кылмыштарынын азаюусуна өз таасирин тийгизет», - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутат айымдары жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аялдардын зордук-зомбулукка кабылышын алдын алуу сыяктуу бир нече маселелер талкууланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×