Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.03.2019 08:29

Азгырыктан абайла! Аксыда башка диний агымдарга бөгөт коюу маселеси каралды

Turmush -  Аксы районунда башка диний жана экстремисттик агымдарга бөгөт коюу максатында жыйын уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйынга райондук прокуратуранын, милициянын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана дин өкүлдөрү катышып, маселени талкуулашты. Анда мечиттерде динди туура жеткирүү жана жарандарга ар кандай диний агымдарга азгырылбоону түшүндүрүү керектиги айтылды.

Маалым болгондой, райондун бардык аймактарында башка диний агымдар боюнча чукул жыйындар уюштурулуп, жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Аксы районунда 2015-жылы «Хизб ут-Тахрир» уюмуна 33 адам мүчө экени аныкталып, каттоого алынганы айтылган. Анда айрым үй-бүлөлөр бул уюмдан өз эрки менен баш тартышканы кабарланган. Кийин уруксаты жок даават кылып жүргөн 10го чукул адам райондон чыгарылган.

Буга чейин Аксы районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну аялы менен «Хизб ут-Тахрир» уюмунан өз эрки менен баш тартышканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×