Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.03.2019 14:32

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштерине жергиликтүүлөр тартылбай жатат, - депутат

Turmush -  Токтогул ГЭСин реконструкциялоого 400 млн доллар келип жатат. Ал иштерге Кара-Көл шаарынын тургундары тартылат деп шайлоонун алдында айтылган. Бул убадалар канчалык деңгээлде ишке ашты?, деп кызыкты Кара-Көл шаардык кеңештин депутаты Заманбек Бопошев 5-мартта өткөн сессияда.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, депутат ошондой эле: «Бир жылда жергиликтүү бюджетке канча салык түштү?» деген суроо менен салык кызматкерлерине кайрылды.

Өз кезегинде Салык кызматынын шаардык бөлүмүнүн башчысы Т.Муратов: «Токтогул ГЭСин реконструкциялоо иштерине тартылган жарандар каттоодон өткөрүлүп, алардан жеке киреше салыгы алынууда. Иштеген адамдардан болжол менен бир жылда 500 миң сомго чейин жеке киреше салыгы түштү», - деп жооп берди.

Ал эми эл өкүлү З.Бопошев анын жообуна канааттанбай: «400 млн долларлык инвестиция келип жатса, жергиликтүү бюджетке бир жылда 500 миң сом түшкөнү аз. Кайра калыбына келтирүү ишинин биринчи этабы соңуна чыгып калды. Биз былтыр сессияда жергиликтүү калктын 70%ы иш менен камсыз болсун, ал эми иштеп жаткан фирмалар убактылуу каттоого туруп, жеке киреше салыгын төлөшсүн деп айтканбыз. Реконструкциялоо үчүн 400 млн доллар 8 жылга бөлүнгөн. Ал этабы менен жүргүзүлүп турат. Учурда 4 трансформатор алмашылды. Эми ачык бөлүштүрүү жабдыгы (ОРУ 500) алмаштырылат экен.

Реконструкциялоо иштери бүткөндөн кийин Токтогул ГЭСте кайра эле өзүбүздүн тургундар иштешет. Өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылып, тургундар үчүн социалдык пакеттерди берүүнү сунушташыбыз керек», - деди.

Ал эми мэр И.Еркеев: «Чет элдик компаниялардын ишине жергиликтүү бийлик кийлигише албайт. Алардын өздөрүнүн иш планы бар. Жергиликтүүлөрдү жумушка алгыла деп биз алар менен сүйлөшүп жатабыз. Алар иштин көлөмүнө жараша киши алышарын айтышты. Учурда 11 тажик жараны иштеп жатат», - деп жооп берди.

Шаардык кеңештин депутаты Тилек Эстебес уулу жергиликтүү тургундар ишке тартылбай калгандыгын айтты.

«Генсер» фирмасында иштеген шаар тургундары депутаттарга арыз менен кайрылышкан. Аны шаардык кеңештин этика, мандат, регламент боюнча туруктуу комиссиясы караган. Бул компанияда мурда 10го жакын тургун иштесе, азыр иштебей калышкан. 2017-жылы азыркы төраганын демилгеси менен токтом кабыл алынып, анда Токтогул ГЭСти калыбына келтирүү иштеринде калктын 70%ы жумуш орду менен камсыз болсун, иштеген жарандар убактылуу салык кызматына каттоого туруп, жеке киреше салыгын төлөшсүн деп көрсөтүлгөн.

Ал эми «Генсер» фирмасы каттоодон өтпөгөнү такталды. Канча адам иштеп жатканы, канча жеке киреше салыгы төлөнгөнү белгисиз. Бизге берилген маалымат боюнча азыр ал фирма тажикстандык жарандарды алып келип иштетип жатыптыр. Кара-Көлдө адистер турса дагы Тажикстандан, Өзбекстандан, Жалал-Абад шаарынан жумушчуларды алып келишкен экен. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке кайрылып, чет элдик фирмалардан жергиликтүү тургундарды жумушка алууну өтүнүшүбүз керек», - деди ал.

Маалым болгондой, Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү долбоору үч этаптан турат. Алгач эскилиги жеткен электр жабдууларды, кабелдик чубалгыларды, жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорду жана энергия бөлүштүрүүчү жабдыктарды алмаштыруу зарылчылыгы жаралган. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү эң ири энергетикалык жана ирригациялык ишкана.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.2% (787)
«РСК Банк»
31.29% (481)
«Капитал Банк»
6.05% (93)
...
Всего голосов: 1537
×