Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.03.2019 18:11

Жалал-Абадда согуштун ардагери, капитан Гаваз Мингараев акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, милициянын капитаны Гаваз Мингараев 95 жашында көз жумду. Аны акыркы сапарга узатууга шаар бийлигинин өкүлдөрү жана облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышып, үй-бүлөсүнө жана коомчулукка көңүл айтышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мингараев Гаваз Мингараевич 1924-жылдын 1-июлунда Татар Республикасынын Октябрь районунда төрөлгөн. Ал 1942-жылы 18 жашында Ата Мекендик согушка аттанып, ал жакта өзүнүн тайманбас эрдигин көрсөтүп, өлкөбүзгө жеңиш алып келген аталарыбыздын катарын толуктаган.

Согуш аяктагандан кийин эле мекенине кайтпай, 1949-жылга чейин советтик армиянын катарында жүргөн. Ал аралыкта ага ефрейтор аскердик чини берилген. Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени менен сыйланган. Ардагер согуштан кайткандан кийин милиция тармагында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Милициянын капитаны Гаваз Мингараев Жалал-Абад шаарында тартип орнотууда, күч түзүмдөрүн калыптандырууда эмгеги чоң.

Өз мезгилинде мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун киши фронтко жөнөп кеткен. Алардын ичинен 5024 жоокер кайтып келишсе, 4976 адам кайтпай калган. Учурда шаарда 10 ардагер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.2% (787)
«РСК Банк»
31.29% (481)
«Капитал Банк»
6.05% (93)
...
Всего голосов: 1537
×