Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 13.03.2019 16:32

Чаткалда мектептердин мал чарбасы түзүлүп, окуучуларга ысык тамак берилип жатат (сүрөт)

Turmush -  Чаткал районундагы жалпы билим берүү мекемелеринин чарбасында майда жандыктардын саны көбөйүп, мектеп окуучуларына эт азыгы кошулган ысык тамактар берилип жатат. Бул тууралуу Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Нарбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда Чаткал району боюнча жалпысынан 19 мектеп бар. Алардын ичинен 11 мектептин окуучуларына ысык тамак берилет.

«Ысык тамак берүү 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга гана каралган. Жалпысынан 2028 окуучу ысык тамак менен камсыздалган. Окуу күндөрү 2-сабак бүткөндөн кийин сөзсүз тамак берилет. Бир окуучунун бир күндүк тамагына мамлекет тарабынан 10 сом бөлүнсө, ата-энелер айына 100 сомдон чогултуп беришет. Андан тышкары биздеги билим берүү мекемелеринин майда жандыктарынын саны 1009, чоң малдардын саны 35 башка жеткен. Айына бирден мал союлуп, окуучуларга эттүү тамактарды жасап берип баштадык. Эттер атайын ветеринардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана мектептердин ашканасына алынып келинет. Мындай тамактануу балдардын аң-сезимин өстүрөт. Витаминге бай алма, банан, мандарин жана сүттүү тамактар дагы каралган. Мындай демилге бизде көп жылдан бери уланып келе жатат. Жакында дагы 3 мектептин окуучуларына ысык тамак берүү каралууда», - деди Айнура Нарбекова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×