Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.03.2019 15:05

Өзбекстандагы «Биз келечекти терроризмсиз курабыз» фестивалына 3 өлкөнүн жаштары чогулду (сүрөт)

Turmush -  Өзбекстандын Фергана облусунда өткөн «Биз келечекти терроризмсиз курабыз» аттуу фестивалга үч өлкөнүн жаштары жыйналды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, 11-12-мартта өткөн фестивалга Кыргызстандын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан, коңшу Тажикстандан делегаттар катышты.

«Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө терроризм, экстремизм жана адам сатуу сыяктуу көрүнүштөр актуалдуу көйгөйгө айланып калды. Ошол себептүү Азияда, анын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн жаштарына фестиваль уюштурулду. Иш-чарага Жалал-Абад облусунан 26 адам катышып келдик. Негизинен активисттер, студенттер, спортчулар жана маданият кызматкерлери болуп бардык.

Фестивалдын расмий бөлүгүнө Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев катышып, үч өлкөнүн жаштары менен терроризм, улуттар аралык достук тууралуу баарлашты. Андан соң катышуучуларга өзбек элинин каада-салттары, маданияты даңазаланган сахналык көрүнүштөр коюлуп, концерттик программалар тартууланды. Ошондой эле, тарыхый жайларга саякаттар уюшулуп, тааныштыруу болду», - дейт өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Асел Сансызбаева.

Мындан сырткары, ал ушундай эле эки өлкөнүн ынтымагын, достугун чыңдоочу иш-чара ушул жылдын жай айларында Токтогул районунда да өткөрүлүүсү мүмкүн экендигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×