Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.03.2019 11:01

Кара-Көлдө курулушу токтогон эки базардын, көп кабаттуу үйлөрдүн тагдыры талкууланды

Turmush -  Кара-Көл шаарында эки базардын жана көп кабаттуу эки үйдүн курулушу аягына чыкпай, чыр-чатак менен токтоп калды. Бул тууралуу шаардык кеңештин сессиясында депутат Т.Молдомуров билдирди.

Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдөн социалдык жактан колдоого муктаж адамдарга дагы батирлер берилмек.

«Эки базардын курулушу аягына чыкпай, чыр-чатак менен токтоп калды. Ошондой эле, курулушу бүтпөй, колдонууга берилбей жаткан 32 батирлүү үй, тургундары мыйзамдуу документтештире албай жаткан 24 батирлүү үйдүн курулушу аягына чыкпай жатат. Ушул үйлөрдөн социалдык жактан колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө батирлер берилет эле. Алардын бүтпөй жатканына ким күнөөлүү?», - деп депутат мэрге кайрылды.

Өз кезегинде мэр И.Еркеев курулушу бүтө элек базардын сметалык баасы 17 млн сом болгондугун белгиледи.

«Базардын курулушунун сметалык баасы 17 млн сомдун тегерегинде болгон. Эки базардын курулушунун биринчи этабы 5 млн сом деп белгиленген. Анын бири шаардын Жетинчи аянтчасында, экинчиси Пойма бөлүгүндө жайгашкан. Экинчи базардын курулушуна 4 млн 700 миң сомдой акча которуп бергенбиз. Кийин куруп жаткан подрядчик өзүнүн жумуштарын убагында аткарбай жатканы үчүн биз шаардык прокуратурага, анан сотко кайрылып, акырында Жогорку сот 1 млн 900 миң сомду кайра бюджетке кайтаруу чечимин чыгарган. Андан улам 1 млн 250 миң сом бюджетке которулган болчу. Калган 700 миң сомду фирма төгүп бере элек.

Ал эми 24 батирлүү үйдүн эч кандай долбоору жана экспертизасы жок экен. Документ жок болгондуктан, акт кабыл алуу соңуна чыкпай турат. Ал маселе боюнча жашоочулар дагы кайрылып келүүдө. Бирок ошол жерде эл жашап жаткандыгына байланыштуу архитектура кызматы тарабынан тиешелүү документтер даярдалды. Бүтүп калган үйдүн долбоорун жасоого чоң акча керек экен. Бул боюнча да шаардык кеңешке кайрылабыз.

Ал эми 32 батирлүү үй советтер союзунда курулуп, бүтпөй калган имарат болуп саналат. Сейсмологиялык институт текшерген деген документин таппай жатабыз. Имараттын бир тарабынан жарака кетиптир. Эгер сейсмалогиялык институт жарайт деп бүтүм чыгарса бүтүрүп берүү жолдору каралат. Болбосо сүрдүрүлөт», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×