Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.03.2019 16:07 Жаңыланды: 12.03.2019 18:10

Айыл турмушу: Базар-коргондук жаш эне хоббиси аркылуу киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун 22 жаштагы тургуну Айдана Калмаматова үй тиричилигине колдонулбай калган буюмдардан куурчактарды, белектерди жасайт. Элеттик кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, мындай буюмдарды жасоону Орусияда окуп жүргөндө үйрөнгөн.

«Турмуш шартка байланыштуу үй-бүлөбүз менен Орусиянын Самара шаарына көчүп кетип, 1-класстан баштап ошол жерде билим алдым. Сабактан сырткары кошумча ийримдерге катышып, сүрөт тартканды жана пайдаланылбай калган кездемелерден куурчактарды жасаганды үйрөнгөм. Орустар колго жасалган буюмдарга өзгөчө маани берип, баалап сатып алышат. Кийинчерээк 9-классты аяктагандан кийин Базар-Коргонго көчүп келдик. Бул жерде адамдар колго жасалган буюмдарга анчалык деле маани беришпегенин байкадым.

Мектепти аяктагандан кийин өзүмдүн кызыгуум боюнча Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайдан кийим тигүү жана дизайнер адистиги боюнча билим алып, ийгиликтүү аяктадым. Окуумду бүткөндөн кийин өз кесибим менен иштебесем дагы белекке берчү ар кандай буюмдарды колго жасап баштадым. Алгач буюмдарды ким алат, кайда алып барып сатам деген ойлор пайда боло баштады. Ошол учурда жолдошум «буюмдарың жакшы жасалып жатат, ишиңди уланта бер, мен сатып берем» деп калды. Ошентип бул ишимди токтотпостон улантып кеттим», - дейт Айдана Калмаматова.

Анын айтымында, ал күндүз үй жумуштары менен алек болуп, кечинде кол өнөрчүлүгүн улантат.

«Аял болгон соң үй оокаттарын жасап, кызымдын курсагын тойгузуп, уктатканча кеч кирет. Кызымды уктатып коюп, жаңы буюм жасоого киришем. 8-мартка карата түшкөн буйрутмаларды жасадым. Менин ишимди кайын энем, кайын атам дагы колдоп, кээде керектүү каражаттарды сатып келип, айрым учурда бала карашып, жардам беришет. Жакында эле 8-март майрамына карата алгачкы жасаган гүлдөрүмдү 86 жаштагы таенеме белекке бердим. Ал белекти көрүп, абдан кубанды», - дейт А.Калмаматова.

Ал учурда жасаган кол эмгектерин интернет аркылуу сатып жатканын айтат.

«Жаштардын басымдуу бөлүгү инстаграм колдонот эмеспи, мен дагы жасаган буюмдарды интернет аркылуу сатып баштадым. Негизи гүлдөрдү түстүү кагаздардан, ал эми анын идишин кадимки майонездин челектеринен кооздоп жасайм. Ошондой эле бөбөктөргө куурчактарды жасайм. Учурда алардын санын көбөйтүп жатам», - деди ал.

Айдана Калмаматова үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү жана өзү 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×