Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.03.2019 13:12 На русском

Аксынын жаңы акими Ыманберди Досбаев жамаатка тааныштырылды (өмүр баяны)

Turmush -  Ыманберди Досбаев Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалып, жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу Аксы райондук администрациясынан билдиришти.

Жаңы акимди жамаатка 12-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдыев тааныштырды.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Досбаев Ыманберди Райымбердиевич

Тулган жылы: 1962-жыл

Туулган жери: Чаткал районунун Ак-Таш айылы

Билими:

- 1991-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 1981-1985-жылдары — Ак-Таш савхозунда жумушчу;

- 1991-1992-жылдары — КРнын Жаштар иштери боюнча мамлекеттик комитетинде жетектөөчү адис;

- 1992-1999-жылдары — өкмөттүн аппаратында социалдык өнүктүрүү департаментинин референти, «Манастын 1000 жылдыгы» мааракесин өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;

- 1999-2001-жылдары — Таш-Көмүр шаарынын мэринин орун басары;

- 2001-2002-жылдары — өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

- 2002-2005-жылдары — Кара-Көл шаарынын вице-мэри;

- 2005-жылы — Чаткал районунун акими;

- 2005-2007-жылдары — Токтогул районунун акими;

- 2009-2010-жылдары — КР президентинин кеңешчисинин жардамчысы;

- 2010-2011-жылдары — Убактылуу өкмөттүн аппаратынын идеологиялык иштер жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы;

- 2011-2012-жылдары — КРдин президентинин аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти;

- 2012-жылдан бери КР президентинин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчысынын орун басары, «Замандаш» коомдук саясий клубунун түзүүчүсү.

Сыйлыктары: «Манас 1000», «Ош 3000» медалдарынын ээси, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×