Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.03.2019 12:36

Жалал-Абаддагы фестивалда 40 казан сүмөлөк кайнатылат

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамын утурлай 20-март күнү өлкөдө алгачкы жолу сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Курманбек фольклордук талаасында 40 казан асылып, сүмөлөк кайнатылат. Бул саамалык бир катар оюн-зооктор менен коштолот жана жеңүүчүлөргө байгелүү орундар, номинациялар ыйгарылат.

Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асилбекованын айтымында, учурда иш-чаранын сценарийи түзүлүп, уюштуруу тобу тарабынан талкууланууда. Анын максаты шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулоо менен бирге улуттук баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат.

«Сынакка мекеме-ишканалардын жамааттары катышат. Соңунда калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныкташат. Ал эми кайнатылган сүмөлөк 21-мартта борбордук аянттагы иш-чарада тургундарга таратылат», - дейт С.Асилбекова.

Жергиликтүү бюджеттен Нооруз майрамын өткөрүүгө 190 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×