Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.03.2019 12:08

Кара-Көлдүн депутаттары сатылып кеткен соцобъекттерди кайтаруу аракетинде

Turmush -  Кара-Көл шаарында балдардын 70%ы бала бакчага муктаж. Бул тууралуу 5-мартта өткөн шаардык кеңештин сессиясында депутат Тилек Эстебес уулу билдирди.

Маалым болгондой, сессияда сатылып кеткен социалдык объекттерди кайтарып алуу маселеси каралды.

«Шаарда 3 миң 296 бала балдар бакчасына муктаж болсо, 977 гана бала бакчага барат. Учурда балдардын 29,6%ы гана балдар бакчасы менен камсыз болууда. Ошондуктан багытсыз колдонулуп жаткан бала бакчалардын имараттарын кайтаруу керек. Мисалы, «Достук» заводуна караштуу 300 орундуу бала бакчанын имаратында учурда Салык кызматы, шаардык соту жайгашкан. Тез арада аларды көчүрүү керек. Шаардык соттун имаратын курууга жер бөлүнгөн. Эки жылдан бери ала албай жаткан дем берүүчү грантты ушул багытка жумшасак.

Андан кийин М.Сабиров көчөсүндөгү «Теремок» бала бакчанын имараты №718 аскер бөлүккө өткөрүлүп берилген. Бул боюнча Токтогул ГЭСтер Каскадынын башчысы А.Кушубаковго кат жолдогонбуз. Бирок имаратты кайтаруу маселеси чечиле элек. Ошондой эле Хуриев көчөсүндө жайгашкан авариялык абалдагы Балдар музыкалык мектебинин имаратын кайтарып алуу боюнча иштин жыйынтыгы чыккан жок. Серый көчөсүндөгү Токтогул ГЭСтер Каскадынын мекемесине караган №2 бала бакчасы да жеке менчикке өтүп кеткендиги белгилүү. Бул бакчаларды кайра кайтаруу зарыл», - деди Т.Эстебес уулу.

Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев эгерде кимде ким шаардык кеңештин токтомун аткарбаса, ал жоопкерчиликке тартыларын айтты.

«№718 аскер бөлүгү жайгашкан балдар бакчасынын имараты боюнча биз Токтогул ГЭСтер Каскадына кайрылып жатабыз. Ал эми Балдар музыкалык мектеби боюнча иш соттун кароосунда», - деди ал.

Ал эми эл өкүлү З.Бопошов: «М.Койчиев мурда ишкана кылып иштеткен «Ротер», «Колокольчик», «Солнышко» бала бакчаларынын имараты бар эле. Азыр ал жерде сарайлар турат. Муну дагы кароо керек», - деди ал.

Өз кезегинде шаар мэри бул иштер боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн айтты.

«Бул боюнча комисия түзүлүп, учурда ар бир бала бакчанын имаратын тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Мисалы Серый көчөсүндөгү №2 бала бакчасы боюнча иш Жогорку сотто экен. Калган бала бакчалар боюнча тактоо иштери жүрүүдө. Эми анын жыйынтыгы чыкса, шаардык кеңеш менен биргеликте иштесек, жыйынтыгы болот деген ойдомун. Сотко бере турганын сотко берүү шарт. Мисалы Токтогул ГЭСтер Каскадына кайрылганыбыз менен алар чече алышпайт.

Музыкалык мектепти сатып алгандар акчасы төлөнсө имаратты мэрияга өткөрүп берүүгө даяр экенин айтышкан. Ал жер бүгүнкү күндө 3 миллион сомго бааланыптыр. Буга чейинки жетекчинин маалында соцобъекттер сатылган. Ошол кезде мэрия социалдык объекттерди сатып жатканда шаардык кеңеш эмне үчүн ушундай каталарга жол берген. Бул багытта баарыбыз бирге иш алып барышыбыз керек», - деди мэр.

Ал эми төрага бир гана бала бакчалардын, музыкалык мектептин имаратын эмес, жайкы клубдардын имаратын дагы кайтарып алуу керектигин айтты.

«Сатылып кеткен жайкы клубдарды дагы кайтарып алалы. Аларды сатып алган жарандарга конпенсация төлөп беришибиз керек. Ошол кезде мыйзам бузган адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×