Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.03.2019 11:19

Базар-Коргондо эркин күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам айылында 11-март күнү эркин күрөш боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул туралуу Базар-Коргон райондук спорт комитетинин төрагасы Максат Таштанов билдирди.

Анын айтымында, мындай спорттук мелдештер байма-бай өткөрүлүп келет.

«Бул күрөшкө Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунан жалпы 90го чукул спортчулар катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Беш-Бадам айылынын, 2-орунду Кеңеш айыл өкмөтүнүн, 3-орунду Ноокен районунун балбандары ээлешти. Жеңишке жетишкен балдар облустук турнирге катышат», - деди М.Таштанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.99% (779)
«РСК Банк»
28.71% (422)
«Капитал Банк»
6.33% (93)
...
Всего голосов: 1470
×