Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Баракелде, Дүйнө 12.03.2019 08:11

Зидан кайрадан «Реал Мадриддин» машыктыруучусу болуп дайындалды

Turmush -  Франциялык машыктыруучу Зинедин Зидан кайрадан «Реал Мадриддин» машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Marca басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, Зидан үйгө кайтып келгендиги үчүн абдан бактылуу экендигин билдирди.

«Азырынча кайтып келгендигиме кубанычта экендигимден башка айтарым жок. Кайрадан иштеп, клубду өзүнүн мыйзамдуу ордуна кайтаргым келет», - деди ал.

Клуб менен Зидандын ортосундагы келишим 2022-жылга чейин түзүлдү. Зиданга чейин «Реал Мадрид» аргентиналык Сантьяго Соларини, андан мурда Хулен Лопетегини отставкага кетирген. Зидан болсо машыктыруучулук кызматынан 2018-жылдын май айында кеткен болчу. «Реалдын» футболчулары анын жетекчилиги менен Чемпиондор лигасын катары менен 3 жолу уткан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.2% (787)
«РСК Банк»
31.29% (481)
«Капитал Банк»
6.05% (93)
...
Всего голосов: 1537
×