Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.03.2019 18:23 Жаңыланды: 14.03.2019 14:11

Рак оорусу жашарып бара жатат, - онколог дарыгер А.Азыкбекова

Turmush -  Кара-Көл шаарында 2018-жылы онкологиялык оору менен 105 адам каттоодон өткөрүлгөн. Быйыл 3 адам каттоого алынды. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун онколог дарыгери Алтынай Азыкбекова билдирди.

Анын айтымында, рак менен катталган жарандардын көбү оорунун акыркы этабында кайрылышат.

«Былтыркы жылдын статистикалык көрсөткүчтөрүнө караганда ашказан рагы, эмчек безинин рагы, жатындын рагы, жатын моюнчасынын рагы, боордун, жоон ичегинин рагы, өпкөнүн рагы көп катталган экен. Негизинен тамак сиңирүү органдарынын онкологиялык оорулары да көп катталган. Өпкөнүн рагына тамеки көп чеккен жарандар кабылат. Арасында аялдар да бар. Онкологиялык оорулардын пайда болушуна стресс, туура эмес тамактануу, дене бөлүктөрүнүн аз кыймылдашы дагы себеп болот. Бейтаптардын көбү 50 жаштан жогоркулар. Бирок барган сайын рак менен жаштар, жаңы төрөлгөн балдар да ооруп жатат. Мисалы жаш аялдардан жатындын моюнчасынын рагы көп кездешет. Буга өз убагында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтпөгөнү себеп болууда. Биздин шаарда иштебей, жумушсуз үйдө отурган адамдардын арасында дагы бул ооруларга чалдыккандар бар. Иштеген жарандар жылына бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турат эмеспи. Ал эми каттоодо тургандар анализ тапшыруу же көзөмөлдөн өтүү үчүн дагы улам чакыртып жатып келишет.

Былтыр эмчек безинин рагы менен 20 аял, ашказандын рагы менен 18 киши, жатындын моюнчасы менен 9 аял, бөйрөк рагы боюнча 9 киши катталган. Онкологиялык оору алгач билинбейт. Жаңы пайда болгондо белгилери байкалбайт», - деди ал.

А.Азыкбекованын айтуусунда, ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, оорунун алдын алуу керек.

«Оорубай, дени сак болуп жашоо өзүбүздөн көз каранды. Себепсиз көңүлүбүздү чөктүрүп, капаланбашыбыз керек. Күнүнө 4 маал туура тамактанып, дене боюбузду тарбиялап, физикалык кыймылды адатка айлантсак жакшы жыйынтык болот. Ошондой эле химиялык кошулмаларсыз, табигый таза тамактанууну унутпоо керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×