Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.03.2019 16:02 На русском

«Ат коюуда адашпаңыз»: Кара-Көлдүн имамы кыздарга коюуга сунушталбаган 3 ысымды атады

Кара-Көл шаары
Кара-Көл шаары

Turmush -  Кара-Көл шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайларга нукура кыргызча ысымдар көп тандала баштады. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, 2018-жылы 283 наристеге нукура кыргызча ысымдар коюлган. Көпчүлүк кыздар Айназик, Арууке, Айбийке деп аталып, эркек балдарга Дастан, Нурислам деген ысымдар ыйгарылган. Ал эми араб тилинен алынган аттар 235 наристеге коюлуп, кыздарга Раяна, Сумая, балдарга Эмир, Умар, Амир деген ысымдар коюлган. Чет элдик ысымдар 85 наристеге коюлуп, Артур, Айдамир деген аттар көбүрөк берилген. Ошондой эле чанда кездешкен Байжээн менен Кайринса аттуу ысымдар дагы коюлган.

Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Сайкал Батанованын айтуусунда, балага ысым ыйгарууга адамдар ар кандай мамиле кылышат.

«Көбүнчө наристелерге чоң ата, чоң апалары ысым ыйгарат эмеспи. Арасында мурунтадан ат тандап койгондор жана аман-эсен көз жаргандан кийин коёбуз деп учурунда ат таппай калгандары да бар. Биз аларга мааниси жакшы кыргыз ысымдардан мисал келтирип, кеңеш берип келебиз», - деди ал.

Ал эми Кара-Көл шаарынын имамы Бектен ажы Керезбаев жаңы төрөлгөн балага туура ысым ыйгаруунун жол-жобосу тууралуу айтып берди.

0

Анын айтымында, шариятта бала төрөлгөндөн 7 күндөн кийин ысым ыйгарылат.

«Ымыркайга ысымды маанисине карап ыйгаруу керек. Мисалы, биздин ата-бабаларыбыз шарияттан пайгамбарлардын, алардын кыздарынын же болбосо улуу сахабалардын аттарын коюп келишкен. Кыргыздарда Иса, Муса, Идирис, Кыяз, Ибрахим, Ысмаил, Исхак сыяктуу ысымдар пайгамбарларга таандык. Азыр коомдун талабына ылайык кыргызча аттар дагы коюлуп келет. Нукура тилибизде дагы жакшы аттар бар. Эң негизгиси ысым жакшы ниетти, тилекти, үмүттү түшүндүрүшү керек. Бизде Аман деген ат көп кездешет. Ал бизче которгондо Ыйман деп жана Амангелди деген Ыйман келди деп которулат.

Мусулмандар дагы балага ат коюуга абдан маани берип келишкен. Себеби «эгерде христиандардын, еврейлердин, буддисттердин аттарын койсо ошолорду жакшы көргөн болот дагы, кыяматта тирилгенде кимди жакшы көрсө, ошонун жанында болот» деген хадис бар. Мисалы, кыздардын Сайрагүл, Бүбүсара, Гүлсара деген ысымдарында Сара деген өзүнчө ысым кошулган. Бул Ибрахим пайгамбардын эң сулуу аялы болгон. Ошондуктан ага окшоштурушуп, мусулмандар Айсара же Гүлсара деп коюшкан.

Үй-бүлөдө жалаң кыз төрөлүп калса артынан эркек келсин деген үмүттө Уулбү, Уулай, Жаңылсын, Жаңылай, Бурулсун, Бурулай деп коюшат. Ажар деген Хажар деген ысымдан алынган. Хажар (Хаджар) Исмаил пайгамбардын апасы, ал эми Айша Мухаммад пайгамбардын аялдарынын бири экени белгилүү.

Пери — бул жин-шайтандын аты деп айтылгандыктан Айпери, Нурпери, Гүлпери деген ысымдарды коюу дурус эмес. Бул аттардын маанисин ата-энелер түшүнбөгөндөн улам коюшса керек. Мисалы мен нике кыйып жатканда Айпери, Нурпери, Гүлпери ысымдары кездешсе, аларга: "атыңарды жакшы ысымдарга өзгөртсөңөр болот, шарият ага жол берет" деп айтам. Туура эмес ат коюу менен эле адамдын тагдыры жаман болуп калат дегенден алысмын. Бирок ата-энелер наристеге ат коюуда адашпай, жакшы тилек менен ысым тандашса дейт элем», - деди имам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.2% (787)
«РСК Банк»
31.29% (481)
«Капитал Банк»
6.05% (93)
...
Всего голосов: 1537
×