Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.03.2019 14:55

Кара-Көл шаардык кеңештин сессиясында депутаттар мэрдин ишине баа беришти

Turmush -  Кара-Көл шаардык кеңешинин 5-мартта өткөн кезектеги сессиясында мэр И.Еркеевдин отчету канааттандырарлык деп табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Сессияда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшү, калкты социалдык жактан коргоо программасынын жана стратегиялык пландын 2018-жылда аткарылышы каралып, мэрдин отчету канааттандырарлык деп табылды.

Ошондой эле, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын өткөн жылда аткарган иштери, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча аталган мекеменин башчысы Э.Бабаканов отчет берип, ага эл өкүлдөрү канааттандырарлык деген баа беришти.

Мындан сырткары, шаардын 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы, Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдагы иштери жана 2019-жылга карата иш планы каралды.

Ошону менен бирге шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө маселе, жеке менчикке берилип кеткен бала бакчаларды кайтаруу жана өз багытында иштетүү жөнүндө маселелер талкууланды.
Сессияга жалпы 24 депутат катышса, 7 эл өкүлү жөйөлүү себептер менен катышкан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×